Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

КООМДУК ТЕЛЕКАНАЛДЫ БАШКАРУУГА ЖАРАНДЫК КООМДОН КИМ КАТЫШАТ?


Мамлекеттик телерадиокорпорацияны коомдук башкарууга өткөрүү максатында Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө Жогорку Кеңеш былтыр эле кабыл алган мыйзамга президент кол койгонуна бир ай болуп калды. Окуя оппозиция митингдеринин алдында 2-апрелде болгон эле. Эми жаңы мыйзамга ылайык Улуттук телерадиокорпорациянын башкаруучу органы болгон Байкоочулар Кеңеши түзүлүшү керек. Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан туруп, бешөөсү президент, бешөөсү Жогорку Кеңеш, бешөөсү жарандык коомдун өкүлдөрү болот. Кеңештин мүчөлүгүнө көргөзүлгөн талапкерлер Жогорку Кеңеште шайлануусу абзел. Жарандык коомдун өкүлдөрү 30-апрелде болгон жыйында Байкоочулар кеңешине талапкерлерди сунуш кылуу маселесин талкуулады. Ушул маселе боюнча “Азаттык” менен “Медиа өкүл” институтунун директору Илим Карыпбеков ой-пикир бөлүштү.

- Кабарыңыз барбы, бүгүнкү күнгө карата Улуттук телерадиокорпорациянын Байкоочулар Кеңешин түзүү аракеттери Жогорку Кеңеш, президенттик акимчилик тарабынан да көрүлө баштадыбы?

- Акыркы кабарлар боюнча азыр Жогорку Кеңеш, президенттин администрациясы биргелешип ушул ишти баштады. Булар азыр республикага жарыялаганы атышат. Жарыяда ошонун критерийлери жөнүндө айтыла турган болду. Ошол жарыянын негизинде президент дагы, президенттин администрациясы дагы, президенттин атынан Жогорку Кеңеш жана жарандык коомдор өзүнүн талапкерлерин бере башташат. Ошол 1-2 күндүн ичинде болот болсо керек деп күтүп отурабыз.

- Жаңылбасам, Улуттук телерадиокорпорациясы жөнүндөгү мыйзамды даярдоого сиздер да катышкан болушуңуздар керек. Сиздин пикирде мамлекеттик телерадионун мындан аркы иши Байкоочулар кеңешине кандай адамдар барарына көз карандыбы?

- Туура айтасыз, биз түзмө-түз ошол мыйзамдын долбоорун даярдаганга толук түрдө башынан аягына чейин катышканбыз. Байкоочу кеңеште ким болушу керек? Байкоочу кеңеште президенттен 5, Жогорку Кеңештен 5 адам, алардын арасында иштегендер же мамлекеттик кызматка кандайдыр бир тиешеси бар адамдар боло алышпайт. Аларга тыюу салынган. Ошол эле учурда депутаттар өздөрү да боло алышпайт. Алтургай жалпыга маалымдоо каражаттарына түзмө-түз тиешеси бар адамдар да боло алышпайт. Ага бийликке эч кандай тиешеси жок, бирок ошол эле учурда абройлуу, коомдук адамдарды сунуштап, алар талапкер боло алышат дагы, аны кийин Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети менен шайланууга тийиш. Ушундай жолдор менен өтөт. Азыр бул биринчи тажрыйба болгондуктан кыйынчылыктар, катачылыктар болбой койбойт. Бирок ошентсе дагы биз болгон күч аракетибизди байкоочулар кеңешке коомдук телеберүү жагында билими бар адамдарды шайлаганга аракет кылышыбыз керек.

- Мыйзам боюнча президент менен Жогорку Кеңеш ондон талапкер сунуш кыла алат экен. Албетте, анын бешөөсү алынат. Ал эми жарандык коом Жогорку Кеңешке сунуш кылуучу талапкерлердин саны чектелбейт. Президент бирөө, Жогорку Кеңеш бирөө, ал эми коомдук уюмдар көп. Канткенде да жарандык коом өзүнүн татыктуу реформага салым кошо ала турган өкүлдөрүн Жогорку Кеңеш өткөрө алат?

- Эң туура айтасыз. Ушул жерде жарандык коом деген чоң көлөмдү түшүндүрөт. Буга жарандык коомдон баары эле кире беришет, билим берүү, бей өкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары да кире беришет. Ошондуктан биз бейөкмөт уюмдар кечээ күнү чогулуп, ушул тармакта кандай иш аракеттерди жүргүзө алабыз деп. Бизде абдан адатка кирип калды, анан чырдап чыкпайлы, жарандык коомдор кабыл алгандар туура эмес шайланган деп. Адамдарды шайлоо критерийлерин, талапкерлерди сунуштоо жолдорун иштеп чыгууга азыр бей өкмөт уюмдар чогулуп алып ошону иштеп чыгып атабыз.

Кайрадан кайталап кетмекчимин, кыйынчылыктар сөзсүз түрдө болот. Мен ойлойм баары бир жарандык коомдордон, ар бир бейөкмөт уюм дeле бере берсе болот. Ар бир уюм өзүнүн талапкерлерин өздөрүнчө сунуштай берсе болот. Талапкерлер абдан көп болсо керек, балким 100, 300, же 400 болот. Бирок Жогорку Кеңештин комитети акыркы чечимди кабыл алып атпайбы. Ошолор чечкенден кийин дагы баары бир нааразы тараптар көп болот болсо керек деп ойлойм. Бул биринчи тажрыйба болгондон кийин катасыз болбойт.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG