29-апрелде болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы үч күнгө чейин чыкпагандыгына, аймактык шайлоо комиссиясы өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албагандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 1-майда Кеминде атайын көчмө жыйын өткөрүп, аймактык комиссияны тараткан. Андан кийин аталган комиссиянын милдетин өзүнө алган БШК талаш жараткан төрт участоктогу шайлоонун жыйынтыгын кайрадан карап чыкты. БШКнын мүчөлөрүнүн колунан кайрадан бирден саналып өткөн бюллетендер шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берилгендигин ачыктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков №24, 31, 33, 32- шайлоо участокторунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырганда райондук акимчиликтин чоң залында отурган көпчүлүк дуулдап кетип жатышты.
Комиссия мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун эсеби боюнча төрт участоктон эле талапкер Эрик Арсалиевге 1189 добуш жасалма кошулган жана “бардыгына каршы” деп берилген 675 добуш жок кылынган. БШКнын мүчөлөрү муну аныктаган соң аймактагы жалпы 44 шайлоо участогу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Анда 29-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо Кемин шайлоо аймагынан “бардыгына каршы” деп берилген добуштардын саны көптүк кылары аныкталып, БШКнын төрайымы Айчүрөк Эшимова аталган аймактагы шайлоону жокко чыгарды:
- Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча түшкөн арыздардын негизинде төрт шайлоо участогунун жыйынтыктарын текшерип, бюллетендерди жана тизмелерди карап, буга калган кырк шайлоо участогунун жыйынтыгын кошуп, Борбордук шайлоо комиссиясы чечим чыгарды: Шайлоо кодексинин 46-беренесинин 3-бөлүгү боюнча №57 шайлоо аймагында шайлоо болгон жок деп табылсын. Ал эми төрт шайлоо участогунун иши тергөө органдарына өткөрүлүп берилсин, -деп жарыялады БШКнын төрайымы Айчүрөк Эшимова.
БШКнын мындай чечимин көз карандысыз байкоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү кубаттоо жана кубануу менен кабыл алышты. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын сөзү боюнча Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жарандык коом мындай жеңишке жетишкен эмес:
-Бул биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн тарыхында биринчи жолку калыс шайлоо болуп отурат. Жарандык коом мындан ары ушундай калыс, өздөрү каалаган талапкерин шайлап алууга боло турганын билип калышты. Ошондуктан, ыраазылык билдиргим келет, БШКга, элге, күнү-түнү бюллетендер салынган сейфти кайтарган көз карандысыз байкоочуларга,
-дейт Төлөйкан Исмаилова.
Шайлоо кодекси боюнча №57 Кемин шайлоо аймагында кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Анын мөөнөтүн БШК бекитет.