Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

ТҮРКИЯДАГЫ КРИЗИС УЧУРУНДА ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Түркияда жаңы президентти тандоо жаңы саясий кризис менен коштолууда, шайлоонун биринчи айлампасын оппозициялык депутаттар бойкоттоп, парламент жыйынынан чыгып кетти, премьер-министр болсо сыналгы аркылуу элге кайрылып, биримдикке чакырды.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган 30-апрелде сыналгы аркылуу элге кайрылып, калкты биримдикке чакырды: "Бизге эң биринчи кезекте биримдик, тилектештик жана ынтымак керек. Коомдогу эң жогорку кайрымдуулукка жетиш керекпиз, бул биз үчүн азыр эң маанилүү нерсе. Бир-бирибизге ардак менен мамиле кылганда гана биз кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Түркияга азыр ушундай биримдик жана ынтымак, жаман ойсуз ардак керек", - деди премьер. Бирок, айрым кабарларга караганда, анын кайрылуусу алдын ала, 28-апрелде жаздырып алынган.

29-апрелде болсо Түркияда ири митинг-демонстрациялар болуп өттү, полициянын айтымында, Ыстамбулдагы митингге эле 700 миң адам катышты, "Евроньюс" телеканалынын билдиргенине караганда, чогулгандардын саны бир миллиондон ашты, андан эки апта мурда, 14-апрелде өткөн митингге дагы миллиондон көп адам чогулган. Митингдерди уюштурууга - Атартүрк негиздеген жана мурдагы премьер Деңиз Байкал азыр башкарган Социал-демократиялык партия катышууда.

Маселе - май айында бийлик мөөнөтү аяктаган президент Ахмет Неждет Сезердин ордуна өкмөттү азыр көзөмөлдөгөн Адилет жана тартип партиясынын өкүлү шайланышы мүмкүн экендигинде, бул партия болсо диний баалулуктарды алдыңкы орунга койгону менен белгилүү. Бирок биринчи каршылык митингдери болуп өткөндөн кийин, премьер Эрдоган өз талапкерлигин алып салды, анын ордуна президенттикке тышкы иштер министри Абдулла Гүл көрсөтүлдү, бирок оппозиция ага дагы каршы. Эрдогандын дагы, Гүлдүн дагы жубайлары хижаб тагынып жүрөт.

27-апрелде парламентте шайлоонун биринчи айлампасы өткөрүлгөндө, оппозициялык депутаттар залдан чыгып кетти жана кийин Конституциялык сотко кайрылып, шайлоонун өзүн мыйзамсыз деп табууну талап кылды. Түрк парламенти 550 депутаттан турат, бойкот менен байланыштуу, Адилет партиясы биринчи айлампада талаптуу 367 добушту чогулта алган жок, экинчи айлампа 2-май күнү өткөрүлүш керек жана Конституциялык сот өз чечимин ага чейин чыгарууга тийиш.

Президент Түркияда эң жогорку кызматкер болгону менен, негизги чечимдерди өкмөт кабыл алат, бирок президент сотторду жана айрым башка кызматкерлерди дайындайт, сунушталган мыйзамдарга вето сала алат жана эң негизгиси - куралдуу күчтөрдүн жогорку башчысы. Өкмөт менен парламентти көзөмөлдөгөн Адилет партиясы президенттик орунду дагы өз колуна алса, быйыл ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо өз турумун күчөтөт жана куралдуу күчтөргө да таасир тийгизе баштайт.

Армия болсо азыр Түркияда - исламчыларга каршы турган негизги күчтөрдүн бири, акыркы 40 жылда куралдуу күчтөр төрт жолу күчүн көрсөтүп, исламдык уюмдардын бийликке келишине тоскоолдук түзгөн. Акыркы жолу андай окуя 1997-жылдын 18-июнунда болгон, анда армия көчөлөргө танкилерди чыгарып, исламчылардын өкүлү, ал кездеги премьер Нижметдин Эрбаканды кызматтан кетирген.

Бирок генералдардын 12- жана 27-апрелде жасаган эскертүүлөрүнө өкмөт алгачкы жолу катуу каршылык билдирип, демократиялык жумуриятта аскер саясатка кийлигишпеш керек деп 28-апрелде жооп берди.

XS
SM
MD
LG