Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

КЕМИН: КАЙРАДАН ШАЙЛООНУ КӨЗДӨЙ


Бир катар коомдук уюмдар жана көз карандысыз байкоочулар № 57 Кемин шайлоо чөлкөмүндө депуттыкка ат салышуу учурунда кыйла эле мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугун айтып чыгышты. Алардын ырасташынча, мындай калпыстыктар талапкерлер тарабынан да чөлкөмдүк шайлоо комиссиясы тарабынан да жасалган. Борбордук шайлоо комиссиясы буга байланыштуу 1-майда толук курамы менен Кеминде көчмө жыйын куруп, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кызматтан четтеткен. БШКдан билдиришкендей эми бул аймакта кайрадан жаңы шайлоо өтүшү керек. Ал эми мурдагы 13 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылат. Анткени, шайлоочулардын көбү буларга каршы добуш беришкен.

Кеминдеги шайлоого байкоо жүргүзүшкөн укук коргоочулардын ырасташынча, шайлоо бир катар мыйзамсыз иш аракеттер менен коштолду. Айрым талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу аракеттери жасалганы катталса, округдук шайлоо комиссиясы добуштарды тымызын бир талапкерге берүү аракетин жасашкан. Натыйжада, бейөкмөт уюмдарынын кийлигишип, талапкерлер арызданып атып БШК Кеминдеги төрт шайлоо участкасын текшерип, добуштар туура эмес бөлүнгөндүгүн аныктады. Мыйзамга ылайык эми жакын арада бул округда кайрадан шайлоо күнү белгиленип, жаңы талапкерлер гана шайлоого катыша алышат. Анткени, текшере келгенде каршы добуш бергендердин саны шайлоо жыйынтыгы боюнча алдыда келаткан талапкер Эрик Арсалиевдин добушуна караганда көп болуп чыккан.

Маселен, Кемин округдук шайлоо комиссиясы толтурган кагаз боюнча № 31 шайлоо участкасында Э.Арсалиев үчүн 439 адам добуш бергендиги жазылса, текшере келгенде 131 адам добуш бергендиги аныкталган. № 24 шайлоо участкасында ошол эле Э.Арсалиевге 564 добуш берилгени жазылса, кайра текшерүү учурунда 314 болуп чыккан. Ал эми № 33 шайлоо участкасында ошол эле адам 396 добушка ээ болгону менен кийинчерээк 79 гана добуш алганы аныкталган. Ошондой эле № 32 шайлоо участкасында да Э.Арсалиевге добуш бергендердин саны 456 делгени менен кийинчерээк 121 болуп чыкты. Натыйжада, Э.Арсалиев үчүн 4739 адам адам добушун берсе, 5156 адам бардык 13 талапкерге тең каршы добуш берген.

Ошентсе да бул округда шайлоого катышкан башка талапкерлер мыйзам бузууларга байланыштуу сотко кайрыла тургандыктарын эскертишүүдө. Бул округдан депутаттыкка ат салышкан талапкер Кеңешбек Дүйшөбаев, ага берилген добуштардын Э.Арсалиевге өтүп кетишин, териштирүүнү талап кылган кылмыш иши катары эсептейт.

Кемин округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн айрымдары добуштарды туура эмес бөлүштүрүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы чыгышкан. Алардын бири Кубанычбек Шаимкулов, кысымдарга карабай мыйзамсыз толтурулган документтерге кол коюудан баш тартканын билдирди. Анын ырасташынча окуругдук шайлоо комиссиясына кайра-кайра чакыртышып, тынч гана документтерге кол коюшу керектигин айтышкан.

- Биз шектенип калып кол коюудан баш тарттык. Кайра-кайра аркабыздан чакыртышты, кол кой дешти. Кол койгон жокпуз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун пикиринде, жакынкы күндөрү бул окуруг боюнча кайрадан шайлоо күнү белгиленет. Ошондой эле ал БШК жакын арада шайлоо күнүн тактап, Кеминдеги округдук комиссиянын жаңы курамын беките турганын ырастады.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын ырасташынча, бейөкмөт уюмдары добуштар сакталган темир кутуну 46 саат бою кайтарышып, мыйзамсыз иштердин ачыкка чыгышына чоң жардам беришти. Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, БШК келгенге чейин ошол жерде турган айрым округдук комиссиясынын мүчөлөрүнө да ачык коркутуулар болгон:

- Аларга аябай чоң кысымдар болуп атты. Ошол күнү №24 шайлоо участкасынан Абдылдаев Нуралы деген жигит мага өзү келип, телефон аркылуу коркутуу болуп атканын угузду. Телефонун кулагыма алып келип кармасам, ары жактан бирөө айтып атат: «Ай эмне отурасың ал жерде. Тирүү калгың келеби, Кичи Кеминде жашагың келеби. Ал жерден тез кеткин»,- дейт.

 

XS
SM
MD
LG