Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

З.КУРМАНОВ: НУРАКЕ ӨЗҮНҮН УЛУТТУК КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН КЕЛГЕН


Казакстан газ боюнча карыздарды төлөөгө жөнөкөйлөтүлгөн шарттарга макул болду. Ошондой эле «Казакстантемир жолу» акционердик коому мамлекеттик «Кыргызтемир жол» ишканасынын карыздарын кечүү макулдышылды. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаевдин өткөн аптадагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов менен казак элчиси Умурзак Узбеков бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Ал эми айрым кыргыз саясатчылары казак президенти өзүнүн улуттук кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенин айтышууда.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы расмий иш сапарынын натыйжасында мурдатан бери чечилбей келаткан бир катар маселелер оң жагына чечиле тургандыгын билдирди. Анын айтымында, казак тарап жаратылыш газ боюнча карыздардын төлөмүн жеңилдетүү шарттарына макул болуп, «Кыргызтемир жолунун» карыздарын кече турган болду. Ошондой эле жүк ташыган автоунааларды текшерүүнү кыскартуу, Казакстандын КАZSAT спутнигин биргелешип колдонуу макулдашылды. Бешимов казак өкмөтү Камбарата ГЭСтерин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгууга 8 млн. доллар бөлгөнүн, 100 млн. доллар арзан насыядагы каражатты Кыргызстандын экономикасын көтөрүү максатында бере тургандыгын белгиледи. Ал эми Назарбаев келгенде эки өлкөнүн президенттери кол коюшкан Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңеш тууралуу Бешимов буларга токтолду.

"Эки мамлекеттин башчылары айтып жатышат, биз дагы соода-экономикалык, интеграция боюнча маселелерди чоң деңгээлге жеткирели деп. Мына ушул маселени өркүндөтүп Ортоазия мамлекеттеринин биримдигин түзүү идеясын ишке ашыруу максатында аталган кеңеш түзүлгөн."

Назарбаевдин иш сапарында Борбор Азия мамлекеттеринин биримдигин түзүү демилгеси көтөрүлүп, аны президент Бакиев колдой тургандыгын билдирген. Казак элчиси Умурзак Узбеков аталган биримдикти түзүү Орто Азиядагы мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнө эч кандай доо кетирбестигин айтты. Казакстандагы кыргыз атуулдарынын миграция боюнча проблемаларын чечүү маселеси бир-эки күндө чечиле коюучу маселе эмес, дейт элчи.

"Кыргыз атуулдарына Казакстанда жеңилдиктерди берүү тууралуу президент Назарбаев тиешелүү министрликтерге тапшырды. Эми аны президент бир айтканда эле мыйзамдарды өзгөртө албайбыз.Бирок бул маселени чечүүгө президент тапшырма берилген соң бул проблемалар оң жагына чечилет, деп ойлойм."

Казак президентинин расмий иш сапары тууралуу коомчулукта ар-кандай пикирлер айтылууда. Айрымдары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошуна мамлекет зор салым кошот десе, айрымдары он жети жылдан бери Казакстан жарытылуу жардам бербегенин айтышууда. Ал эми саясатчы Зайнидин Курманов казак президенти өз улутунун кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанга келди деген көз карашта.

"Нураке биздин эмес өзүнүн улуттук кызыкчылыгын түртүү үчүн келгени ачыктан-ачык эле түшүнүктүү болуп жатпайбы. Ал «электр тармагы, чек ара боюнча маселелелерди парламентиңер бекитпей жатат. Ысыккөлдөгү эс алуу жайлары чечилбей жатат. Үйдө ким кожоюн Курманбек Салиевич?»-дегендей мамиле кылып жатпайбы."

Зайнидин Курманов Казакстан экономикалык жактан канчалык өнүккөнү менен демократиялык баалуулуктарга чек коюп жатканын, кыргыз бийлиги кошуна мамлекетти туурабай, он беш жылдан бери телчигип келаткан демократиялык коомду өнүктүрүүсү зарыл экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG