Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

«АЗАТТЫКТЫН» КАБАРЧЫЛАРЫ ДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ҮЧҮН КҮРӨШТҮН КАТАРЫНДА


Ар башка өлкөлөрдө журналисттер азыркы күндө бийликтегилердин куугунтугуна, коркутуп-үрктүлүүлөргө туш болуп, өмүрүн тобокелге салган учурлар аз эмес. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары да бул көрүнүштөрдөн четте калган жок, акыркы 12 ай ичинде 2 кабарчыбыз кызматын аркалап жүрүп каза тапты, дагы бирөө жарадар болду, камакка алынып, бийликтин кысымына туш болгондор азайган жок. Эл аралык басма сөз эркиндиги күнү “Азаттыктын” кабарчылары да айрым опуртал окуяларды эскеришет.

Ирак – журналисттердин өмүрү үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу аймак бойдон кала берүүдө, былтыр ал жакта 40тан ашуун кабарчы бейажал набыт болду. Өткөн айда бул кайгылуу тизмеге “Азаттыктын” Багдаддагы кабарчысы Хамайл Халафтын (сүрөттө) ысымы кошулду. Ал кандай шарттарда өлгөнүн эч ким билбейт, сөөгү табылганда радиодо иштеген кесиптештери кандай абалда болгонун Ирак кызматынын директору Сергей Данилочкин кеп салат:

- Чогуу иштеген кесиптешибизди белгисиз адамдар уурдап кетип, кыйнап, мыкаачылык менен өлтүрдү деген кабарды укканда биз менен иштегендердин баары, айрыкча аны менен кечээ эле көрүшүп жүргөндөр өтө оор акыбалда калдык. Ошол эле маалда Иракта жашап аткан адамдардын баары ушундай кыямат күнгө туш болгонун да түшүнгүдөй болдук. Башка жакка качып кетпесең, түзүлгөн шартта иштеп, жашап, турмушуңду улантуудан башка амал жок. Бул кайгылуу окуядан бир нече күн өтпөй атып, дагы бир кабарчыбыз Багдаддагы парламенттин имаратынан чыгып баратып, жанындагы ашкана жарылганда, аз жерден гана аман калды. Иракта мындай коркунуч кайсыл жерден күтүп атканын эч ким айта албайт.

“Азаттыктын” Ооганстандагы кабарчылары талиптерден далай ирет эскертүү-коркутууларды угуп, ар тараптын кысымы алдында иштөөгө аргасыз. Ооган кызматынын директору Акбар Аязи кырдаалды төмөнкүдөй сүрөттөйт:

- Талибан гана эмес, биздин радиодон кеткен кабар жакпай калса, кээде аскербашчылар, атүгүл маңзат аткезчилигин көзөмөлдөгөн көзүрлөр да кабарчыларыбыздын артынан түшүп, мен каалагандай кылып өзгөрт деп коркуткан учурлар кездешет. Жакында Хост провинциясындагы кабарчыбыз жергиликтүү акимдин тажыясына катышып жатып, ал жердеги жардыруудан жараат алды. Ишин улантып атат, эң мыкты эржүрөк кабарчыларыбыздын бири. Айтор, Ооганстанда биздин ишибизге тоскоолдуктар көп.

Былтыр “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашгабаттагы кабарчысы Огулсапар Мурадова түрмөдө отурган жеринен шейит кетти. Анын өлүмүнө эмнелер себеп болгону алигиче белгисиз экенин түркмөн кызматынын жетекчиси Жахан Довлетова баяндайт:

- Огулсапар Мурадованын сөөгүн көргөн жакындары маркумдун денесинде уруп-кыйноонун белгилери болгонун айтып зар-какшап, өлүмдүн себептерин териштирүүнү талап кылышкан. Алигиче түркмөн бийликтеринен эч кандай жооп алалбай келатабыз.

“Азаттыктын” Түркмөнстан, Өзбекстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө иштеген кабарчылары азыркы күндө да артынан аңдып, телефондорун өчүрүп, өзүлөрүн гана эмес, туугандары да кысымга туш болгон опуртал шарттарда иштеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG