Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

КЫРГЫЗСТАНДА БАСМА СӨЗ ЭРКИН ЭМЕСПИ?


Freedom House уюму сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингин аныктап, Кыргызстанды маалымат каражаты эркин эмес алтымыш үч өлкөнүн катарына киргизди. Ал эми Бишкекте бүгүн премьер-министр Алмаз Атамбаев 3-май басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнүн урматына Freedom House колдогон эл аралык басма үйүндө болду.

Кыргызстанга басма сөзү эркин эмес деген баанын берилишине акыркы мезгилдеги журналисттерге кол салуулар, айрым маалымат каражаттарынын жабылышы жана жабууга жасалган аракеттер түрткү болгон. Медиа өкүл Шамарал Майчиев уюмдун мындай ченемдерин кынтыксыз акыйкат баа катары кабылдоого болбойт, Кыргызстанда сөз эркиндиги орноп турганы танылгыс чындык дейт.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев эл аралык уюмдун баасы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин реалдуу абалына караманча туура келбейт дейт. Анын баамында, март окуясынан кийинки эки жылда маалымат каражаттарынын абалы алда канча жакшырды:

- Буга далил катары эки жылдын ичинде журналисттерди сот жообуна тартуу боюнча бир чоң жараяндар болгон жок. Бул да Кыргызстанда сөз эркиндигинин улам өркүндөп бараткандыгынын белгиси. Ошол эле мезгилде мамлекет да бардыгына бирдей шартта сөз эркиндигине шарттарды түзүп бергенге аракеттерди кылып жатат.

Бирок жергиликтүү журналисттердин көпчүлүгү Freedom House өңдүү көз карандысыз уюмдардын тыянактарына көбүрөөк ыкташат. «Де - факто» гезитинин журналисти Сүйүн Курманованын баамында, маселенин бардыгы Кыргызстанда маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоого багытталган ырааттуу мамлекеттик саясаттын жоктугунан келип чыгууда:

- Мисалы, мен өмүр бою гезиттерде иштеп келатам, мамлекет гезиттердин эркин, көз карандысыз өнүгүп кетишине эч качан шарт түзгөн эмес. Мамлекеттик басылмалардыкы деле ошол, ал эми эркин басылмаларды айтпай эле коеюн.

Март, апрель айларында белгисиз адамдар тарабынан токмок жеген журналисттердин бири, мамлекеттик телерадиокомпаниянын журналисти Кайрат Биримкуловдун көз карашында журналисттин коопсуздугу тууралуу сөз кылбаган күндө да, мамлекеттик тигил же бул маалымат каражаты өзүн эркин сезет деп айтыш аша чапкандык болот:

- Мамлекеттик маалымат каражаты али сөз эркиндигине толук ээ эмес. Аларда жетекчилик же редакторлор тарабынан кандайдыр бир цензура бар.

19-апрелдеги жаңы санын таратууга тыюу салынган «Агым» гезити ошондон бери жарык көрө элек. Гезитти жактырбаган саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун оюнда гезитти мындай жол менен теске салууга болбойт:

- Бирок, мен «Агымдын» гезиттерин алып коюшуна мен каршымын. Себеби, бизде мыйзам боюнча, Конституция боюнча бирөөнүн мүлкүн сот аркылуу гана ажыратса болот. Бу жерде соттун эч кандай чечими болгон эмес. Ошондуктан, «Агым» жакпаса албай эле кой, окуба. Мисалы, мага жакпайт, мен окубайм, карабайм.

Эл аралык басма үйүндө болгон учурунда премьер министр Алмаз Атамбаев да сөз эркиндигине «Агымга» жасалгандай тоскоолдуктар болушун каалабай тургандыгын билдирип, ошол эле учурда журналисттерди тигил же бул окуяны астейдил, жоопкерчиликтүү чагылдырууга чакырды.

Анткен менен «Агымдын» журналисти Жеңиш Эдигеев гезитке бийлик тарабынан моралдык кысым уланып жатат дейт:

- Жабуу жөнүндө расмий санкция берген эмеспиз дегени менен, чыңалуу ошол бойдон калып отурат. Буга чейин болбогон бир шылтоолор менен эки-үч маселе боюнча бизге сот ишин козгошкон. Азыр сот иши басылган жок. Ошонун шылтоосу менен «Агымдын» бир-эки санынан кийин жаап коет экен деген да сөз жүрүүдө.

Журналисттин айтымында, жамаат гезиттин жаңы санын 9-майга карата даярдап жатат, бирок, ал тоскоолдуксуз окурманга жетери али бүдөмүк бойдон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG