- Марат мырза 5-май -Конституция күнү да келип калды. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишип өзүнчө Конституция кабыл алгандан кийин мурдагы бийлик төрт жолу өзгөртсө, азыркы бийлик эки айга жетпеген убакытта эки Баш мыйзамды кабыл алып жиберишти. Конституция кыргыздар үчүн катардагы мыйзамды кабыл алгандай жеңил- желпи деңгээлге жетти деген коомчулукта кептер айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Ноябрдагы Баш мыйзам компромисстик мүнөздө кабыл алынганын коомчулук жакшы билет. Ошондо убакыт абдан аз болгондуктан нормалар боюнча бир-эки жерден каталар кетип калган эле. Бирок биз айткан элек, 9-майга чейин убакыт бар, ошол каталарды тыкат карап чыгып, жокко чыгарабыз деген оюбуз бар болчу. Тилекке каршы ошондогу өкмөт башчы Феликс Кулов декабрда отставкага кеткенде Конституцияда жаңы өкмөт түзүү боюнча өтмө жобо көрсөтүлбөй калыптыр. Ал эми иштеп жаткан жобо боюнча андай механизм жок эле, ошол ноябрдагы Конституцияда. Ошондо биз кандайдыр бир кризистик абалга туш келип калдык. Жаңы өкмөттү түзө албай калдык. Бюджетти карап, кабыл алуу жакындап калган. Бир катар программалар каралбай, ХИПИК программасына байланыштуу чечилбеген маселелер бар эле. Ошондой кырдаалдан тез аранын ичинде конституциялык жол менен чыгуу багытында декабрда Баш мыйзамды оңдоп коюу иш-чарасы каралган.
- А, эмне себептен ошол декабрда кабыл алынган Конституция азыр оппозиция тарабынан жактырылбай, дагы жаңы Баш мыйзам кабыл алуу маселеси көтөрүлүп чыкты?
- Эми ачык айтканда ал жерде негизинен редакциялык көп оңдоолор киргизилген. Ал эми маңызы боюнча президентке чындыгында төрт жаңы функция кошулган. Ошол эле учурда президенттен төрт башка функция алынган. Ошону көп учурда айтпай жатышат. Мисалы, президент парламентти кетире албайт. Мыйзам чыгаруу функцияларынан жүз пайызга ажыратканбыз декабрдагы Конституцияда. Мурда ошондой функциялары бар болучу кыска мөөнөткө болсо дагы. Бирок президенттин кошумча эки функциясы пайда болуп калды. Бул болсо күч министрлерин өзү түздөн түз дайындоо. Анан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларын премьердин консультациясы менен дайындоо. Мыйзам боюнча деле мурда ошондой болчу. Себеби, ноябрдагы Конституцияда жогорудагы дайындоолор мыйзамдын негизинде көрсөтүлөт деп жазылган.
Экинчиден, президент өзү башкы командачы да. Башкача айтканда ал Конституциянын бир беренеси боюнча күч органдарынын жетекчилерин президент өзү дайындайт деген бири-бирине карама-каршы норма бар болучу. Ошондуктан менин оюмча ноябрдагы Баш мыйзамда анча-мынча артка кеткен пункттар болгон. Негизинен декабрдагы Конституция абдан начар деп айта албайм. Ноябрдагы Конституцияга караганда мүмкүн декабрдагы Конституцияда өкмөттү түзүү механизминде өтмө нормалары бар го 2010-жылга чейин делген. Ошол жерде президентке кичине көбүрөөк укуктар берилип койгон болчу. Бирок Конституциянын өзүнүн текстинде президенттин андай укуктары жок болчу.
- Марат мырза учурда премьер-министр Алмаз Атамбев баш болгон жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбоору кызуу талкууга алынып жатпайбы. Оппозициячыл саясатчылар бул долбоорду декабрдагы Конституциянын эле жылмаланган үлгүсү дешсе, айрым байкоочулар дурус Баш мыйзам болчудай деп жатышат. Сиздер дагы ал долбоорду карап чыксаңыздар керек. Эгерде парламенттин колдоосуна коюлса сиз ал долбоорду колдойсузбу?
- Мен ойлоп атам, Атамбаев сунуштаган долбоорду колдоп койсок болот. Себеби ал жерде президенттин укуктары кичине төмөндөтүлгөн. Анча деле кескин эмес. Бирок өкмөт менен президенттин ортосунда жакшы баланс түзүлгөн.
- Ошол Атамбаев баштаган жумушчу топтун конституциялык долбоору парламентке берилип, кийин президент ал долбоорду кайра чакыртып алыптыр деген аңыз кеп чыкты. Марат мырза буга кандай дейсиз?
- Президент эч нерсени чакыртып алган жок. Себеби ал долбоордун автору президент. Анткени Конституцияга үч гана субьект өзгөртүү киргизе алат. Булар өлкөнүн 300 миң жараны, же болбосо азыркы мезгилде 38ден ашуун депутат. Мындайча айтканда депутаттардын жарымынан көпчүлүгү. Анан президент. Ал эми өкмөттүн андай укугу жок. Жөнөкөй мыйзамдарга өкмөттүн укугу бар. Баш мыйзамга укугу жок. Ошондуктан премьер-министр Баш мыйзамды даярдап президентке киргизген. Бул мыйзамдын демилгечиси президент. Президент бул мыйзамды чакыртып алган жок. Биз регламентке ылайык, ал Баш мыйзамдын долбоору келгенде ошол эле күнү Конституциялык сотко тыянак алуу үчүн жөнөткөнбүз. Андан кийин Жогорку кеңеш Конституциялык соттун курамын толуктап берди. Эми Конституциялык сот иштегенге мүмкүнчүлүк алды. Ал эми Конституциялык сот баш мыйзам боюнча канчалык тез тыянак чыгарса, парламент бул ишти тез арада талкуулоого мүмкүнчүлүк алат.
- Марат мырза эл арасында депутаттар оппозиция, бийликчил болуп экиге бөлүнүп парламент натыйжалуу иштебей калды деген пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңештин ички атмосферасына да токтоло кетсеңиз?
- Эми мындай да. Парламент эч качан биримдүү болбойт. Аткаруу бийлигинде биримдик болот. Себеби коалиция жеңип алгандан кийин, ал жерде бир пикирлештерден команда түзүлөт. Ал эми парламентте оппозиция болуш керек. Сөзсүз өкмөттү жактаган топтор, центристик көз караштагылар болушу абзел. Ошондуктан парламент өкмөткө караганда дайыма талаш-тартышты көп туудура турган жер болот. Буга биз көнүшүбүз керек. Демократиянын эң негизги маңызы ушул жерде болуп атат. Талашта тактык жаралып, айкындык чыгат деген норма ушул жерде. Ошодуктан мен ойлоп атам, бир беткей президентти сындап же бир көз карашта президентти жактап жатып калсак анда иш жылбай калат. Ошондуктан бул жерде эч кандай трагедия жаратуунун кажети жок, парламенттин өзүнүн табияты ушундай.
-Рахмат маегиңизге.