- Жакындан тарта Маданият министрлиги Маданият жана маалымат министрлиги деп кайрадан түзүлдү. Информациялык багытта иштеп баштадыңарбы, ал кандай иштер болду?
- Маданият министрлиги Жогорку Кеңештин сунушу менен Маданият жана маалымат министрлиги деп аталып калды. Негизинен өлкөбүздөгү маалымат саясатын, укуктук багытын чыңдоо боюнча бир топ ишти алып барып атабыз. Негизи мамлекеттик орган катары мамлекеттин маалымат саясатын алып баруу милдети жүктөлдү бизде. Азыркы күндө биз бул тармак боюнча өзүбүздүн министрлик иштерибизди баштап атабыз. Бизде бир башкармачылык түзүлдү маалымат таркатуу деген. Ошондуктан биздин негизги функция биздин өлкөдөгү маалымат саясатын жүргүзүү болуп калды. Кыргызстан Орто Азиядагы башка мамлекеттерге караганда сөз эркиндиги бар мамлекет катары эсептелет. Ошондуктан биздин министрлик дагы келечекте Кыргызстандагы өнүгүп бараткан сөз эркиндигине чоң салымын кошот дейбиз. Бизде эч качан мамлекеттик цензура катары кабыл албаш керек.
- Маалымат ушул саясат дедиңиздер, бирок цензураны дагы айтып кеттиңиздер. Анткен менен силер Маалымат жана маданият министрлиги болуп түзүлгөндөн кийин, ушул жаңы министрлик мамлекеттик телеканалды жана мамлекеттик гезиттерди, редакциялык саясатын көзөмөлдөп баштайт деген божомолдор айтылган. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Албетте, бул туура эмес. Мен жогоруда айтып кеттим, биз мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзөбүз. Маалымат саясаты деген бул биринчи кезекте маалымат мейкиндигиндеги өтө орчундуу маселе катары укуктук негиз деп эсептелет. Мыйзам маселеси, ошондой эле сөз эркиндигин мындан ары өркүндөтүүнүн рычагдарын, механизмдерин мамлекеттик орган катары иштеп чыгышыбыз керек. Биз эч кандай телеберүүлөрдү, радиолорду, ошондой эле гезит бетиндеги чыккан материалдарды эч кандай көзөмөлдөбөйбүз. Андай функциябызда жок. Сөз эркиндигине шарт түзүшүбүз керек.
Экинчиден, сөз эркиндиги деген эч кандай маселе эмес, бул өзүнчө чоң саясий маданият. Ушул саясий маданиятка биз мыйзамдык жол менен келишибиз керек. Ар бир сөзгө басма, журналисттер өзүнүн сөзү менен өзүнүн жоопкерчилигин күчөтүшү керек. Ошол мамиле мамлекет менен басма сөз органдарынын мамилеси закондун чегинде болуш керек.
- Маалымат жаатынан маданият жаатына кайрылсак. Жакында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт, анын алкагында маданият фестивалы дагы өтөт деп айтылууда. Ага даярдык кандай болуп атат?
- 18-августта чоң саммит болот, ШКУга келген мамлекеттик элчилердин жолугушусу болот. Ошонун алкагында ШКУга кирген мамлекеттердин маданият фестивалы өтөт. Азыркы күндө биз чоң даярдык жүргүзүп атабыз. Мындан 2-3 күн мурда мамлекеттердин маданият министрлери жолугуп, ушул маселени талкууладык. Мен ошол жерде даярдыктардын отчетун бердим. Орусия, Кытай жана башка мамлекеттердин министрлери аябай жогору баалады фестивалдын даярдыгын. Ошондой эле жалпы добуш аркылуу мага ШКУнун курамына кирген мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңешинин төрагасы деген милдетти тагышты. Эми 2007-2008-жылы төрага катары мен алып барам. Биз азыркы күндө даярдыкты аябай күчөтүп атабыз. Улуттук филармонияда өтөт бул иш чара. Азыркы күндө ремонттук иштерди аябай күчөтүп атабыз. Кудай буюрса 20-майга чейин эң акыркы жумуштарды бүтүрөбүз. Менин оюмча Кыргызстандын кадыр-баркын көрсөтө турган чоң иш чара кылабыз деген үмүтүбүз бар.
- Бул иш чарага 25 млн. сом бөлүнгөнү белгилүү. Азыркы маданият тармагындагы ички дүн продукциясынын бир пайызы бөлүнгөнүн эске алганда, бул сумма өтө чоң эмеспи?
- ШКУ дегенди мындай түшүнүш керек, бул чоң саясий иш чара болуп эсептелет. Ар бир мамлекетте өткөрүү, кандайдыр бир деңгээлде ушул мамлекет үчүн сыймык болуш керек. Бизге 10 мамлекеттин чоң жетекчилер келет. Кыргызстан үчүн бул өтө чоң саясий кадыр-барк. Экинчиден, бул жөн гана саясий жолугушуу эмес, бул жерде көп экономикалык, саясий, маданий, гуманитардык маселелер чечилет. Бул Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу шарт болот. Себеби 10 мамлекеттин биринчи жетекчилери келип, Кыргызстан менен келишимдерди түзөт. Кыргызстан үчүн чоң инвестиция болот болуш керек. Албетте ал өткөндөн кийин жыйынтыгын да чыгарабыз. Биздин кетирип аткан 25 млн. бардык ремонт иштерине кетип атат.
Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Жаннат Токтосунова, Прага