Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

ФРАНЦИЯ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООГО ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Алтынчы май күнү Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Акыркы элдик сурамжылоолор көрсөткөндөй, социалист талапкер Сеголен Руаялдан консерватор кандилат Николя Саркози азыр 5-6 пайыз алдыда.

Шайлоонун биринчи айлампасы 22-апрелде өткөрүлгөн жана анда 31 пайыз добуш чогултуп, биринчи орунга Николя Саркози чыккан, Сеголен Руаял болсо 26 пайыз менен экинчи болгон. 2-май күнү өткөрүлгөн телетаймаштан кийин уюштурулган сурамжылоо көрсөткөндөй, анда дагы Саркози жеңди жана шайлоо азыр өткөрүлсө, шайлоочулардын 54 пайызга жакыны өз добуштарын Саркози үчүн бермек

Мындай абалда - биринчи айлампада үчүнчү жана төртүнчү орунда калган талапкерлердин шайлоочулары ким үчүн добуш бере турганы негизги мааниге ээ. Талапкер Франсуа Байру биринчи айлампада 19 пайыз добуш чогулткан жана анын шайлоочуларынын үчтөн бири азыр Саркози үчүн, үчтөн дагы бири Руаялга добуш берээрин билдирүүдө, калгандары чечим кабыл ала элек. Байру өзү - Саркозини колдобой турганын айтты. Төртүнчү орунда калган Жан-Мари Ле Пен 10 пайыздын ашык добуш чогулткан жана анын көпчүлүк шайлоочулары экинчи айлампада Саркози үчүн болоорун айтууда.

Руаяль социалисттик партиянын өкүлү жана шайлоо жараяны учурунда негизинен социалдык маселелер, тең укуктуулук жана либералдык баалулуктарга басым жасоодо. Оңчул Саркози болсо азыркы президент Жак Ширактын партиясынан жана негизинен күчтүү мамлекет менен тартип үчүн күрөшө турганын билдирүүдө.

Анткен менен Ницца университетинде иштеген Жан-Пьер Дарнинин айтымында, эгер президент болуп шайланса, Ширактын саясатын Руаял улантат: " Жак Ширактын саясатын Сеголен Руаял улантат. Бул канчалык парадокс болсо дагы, азыркы саясаттын туруктуу уланышын Сеголен Руаяль камсыз кылат. Чындык ушундай", - дейт Дарни.

Анын пикирине Прага шаарындагы Эл аралык байланыштар институтунун эксперти Элишка Томалова да кошулат: "Иран же Ирак маселелерин жакындан караганда, Саркози аларды күч менен чечүү жолун колдобойт. Тегерандын турумун ал, албетте, жактырбайт жана Иранга каршы санкция жарыяланышын колдойт, бирок бир тараптуу чара көрүүгө каршы жана көп тараптуу кызматташуу ыкмасын жактырат", - дейт Томалова.

1958-жылы Францияда жаңы конституция кабыл алынгандан кийинки мезгилди франциялыктар Бешинчи республика деп атайт, анын биринчи президенти болуп ошол эле 1958-жылдын 21-декабрында генерал Шарль де Голль шайланган. 1968-жылдагы элдик толкундоолордон кийин де Голль 1969-жылдын апрелинде кызматынан чегинген, андан кийин президент болуп Жорж Помпиду, Валери Жискар д'Эстен, Франсуа Миттеран жана азыркы Жак Ширак шайланган.

Алгач бир президенттик мөөнөт 7 жыл болчу, бирок 2000-жылы ал беш жылга чейин кыскартылды. Эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болбош керек деген чектөө Францияда жок, бирок Бешинчи республикада эч ким экиден ашык жолу президент болуп шайланган эмес.

XS
SM
MD
LG