Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

БЕРМЕТ АКАЕВА: БИЙЛИК САЯСИЙ КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Чүй облустук прокуратурасы экс-президенттин кызы Бермет Акаеваны үч саатка жакын суракка алды. Жыйынтыгында прокуратура Акаеваны үй камакка алуу чечимин чыгарды. Ал укук коргоо кызматынын мындай аракетин бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан саясий куугунтук катары баалады. Ал эми Чүй облустук прокурордун орун басары Азиз Алиев болсо Бермет Акаевага мыйзамдын чегинде кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып тагылганын билдирди.

Чүй облустук прокурордун орун басары Азиз Алиев 24-апрелде Кемин районундук сотунда массалык баш аламандык уюштурулган фактысына байланыштуу Кылмыш кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүгү массалык баш аламандык уюштурган жана 317-беренесинин 1-бөлүгү боюнча соттун ишине тоскоолдук кылган делип, Чүй облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун айтты. Ага ылайык Бермет Акаевага үч берене боюнча айып тагылды.

- Ушул кылмыш ишинин алкагында бардык далилдер келтирилип бүгүн 5-майда облустук прокуратура Бермет Акевага соттун ишине тоскоолдук кылуу, сотту сыйлабоо, атайын документтерди жок кылуу кылганы боюнча айып такты. Прокуратура ушуларды эске алып үй камакка алууга чечим чыгарды.

Алиев белгилегендей үй камакка алынган адам кечки саат ондон таңкы саат алтыга чейин үйүндө болуусу жана тергөө бүткөнчө Бишкек шаарынын аймагынан чыкпоосу керек.

Бермет Акаева «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, облустук прокуратуранын бул аракети бийликтин ага карата жасаган саясий кысымы экендигин баса белгиледи.

- Бул мага карата бийлик тарабынан саясий куугунтук. Жеке эле мага эмес райондо башка адамдарды да куугунтуктап, карапайым калкты күч менен басабыз деген ой менен бардыгын уюштуруп жатышат. Бул саясий кысым, саясий куугунтук.

Бермет Акаева 2005-жылы 24-март окуясында Жалалабад облустук ИИБнин, облустук администрациясынын жана башка жерлерде мамлкекеттик админисрациялардын талкаланышына бийлик тарабынан али күнчө эч кандай саясий да, юридикалык жактан да баа берилбегенин белгиледи. Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү маалында бийликтин Кеминге куралчан беш жүзгө чукул милицияны алып барып, райондук соттун судьялары атайын элдин бүйүрүн кызытып чагым салышы акылга сыйбаган жорук.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмунун жетекчиси Токтайым Үмөталиева болсо Конституция күнү облустук прокуратуранын суракка алышы мыйзамды одоно бузгандык деп эсептейт.

- Бүгүн Конситуциянын күнү. Иш күнү эмес, дем алыш. Бул күнү суракка алыш Конституцияны, мыйзамды бузуу. Анан ушул Конституциянын күнү Бермет Акаеваны прокуратуранын суракка алышы саясий кысымдын бир түрү, деп ойлойм. Саясий кысым кылыш үчүн ушул сотту бийликтин колдонуп жатканы.

Токтайым Үмөталиева белгилегендей бул окуяга байланыштуу Бермет Акаеванын тарапкерлери делип Сакен Борбашев баш болгон үч балага жалган айып тагылып учурда убактылуу кармоочу жайга камалышкан.

XS
SM
MD
LG