Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:43

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА: ЖАҢЫ САЯСИЙ ОЮНДАР БАШТАЛДЫБЫ?


Баш мыйзамга өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун Конституциялык сот качан карай турганы али белгисиз бойдон турат. Ага Конституциялык сотко Жогорку Кеңеш өз өкүлдөрүн сунуштай электиги тоскоол болууда. Мындай жайбаракаттыкты жумушчу топтун айрым мүчөлөрү долбоорго бут тосуу катары сыпаттап жатышат.

Конституция күнүнө байланыштуу калкка жолдогон куттуктоосунда президент Курманбек Бакиев белгилегенге караганда, Кыргызстанда демократиянын алгалашы аталган долбоорду парламенттин кабыл алышынан көз каранды. Жогорку Кеңеш болсо премьер-министр Алмаз Атамбаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан долбоорду Конституциялык сотко өткөн аптада жөнөтүү менен чектелип, өз өкүлдөрүн сунуштай элек. Эки апталык танапис жарыялаган парламент эми бул маселеге 14-майдан кийин гана кайрылышы мүмкүн. Жумушчу топтун биртоп мүчөлөрү мындай кошкөңүл мамиленин артында саясий оюн бар деп боолгошууда. Декабрь Конституциясын жактаган «Мекен» депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Искендер Гаипкулов мындай сөздөр өздөрүн көрсөтүү үчүн ойдон чыгарылып жатат дейт:
- Андай сөз эч кимдин оюна да келген жок. Ар бир маселе убактысы келгенде каралат да. Эч ким талкуу да кыла элек, башка да боло элек. Бардык маселе бүтүм чыккандан кийин. Ал азыр күн тартибине да кире элек да.

Байкоочулар өз кезегинде Конституциялык реформага байланышкан саясий оюндар парламентте жүрүп жаткандыгы тууралуу божомолдордун чындыгы бар дешет. Ар кыл жүрүштөр аркылуу бийликти жактаган парламенттеги саясий күчтөр долбоорду референдумга чыгаруу, ал аркылуу президент Курманбек Бакиевдин бийлигин да кошо бекемдөөнү максат кылышы толук ыктымал. Бул кайра-кайра тап берген оппозициянын демин басуу үчүн керек болууда. Анын үстүнө декабрь Конституциясынын кабыл алынышында негизги күч болгон депутаттар тобу Конституциянын жаңыртылган долбоорун кабыл алууга караманча-каршы экенин буга чейин ачык эле билдиришкен, депутат Камчыбек Ташиев отуз чакты депутат кол топтоп жатканын жарыялаган.

«Реформачыл» депутаттардын бири Султан Урманаевдин оюнда мындай аракеттердин артында сөзсүз президент баштаган бийлик турат:

- Көшөгө артындагы оюндарды эч убакта Жогорку Кеңеште өздөрү ойнобойт. «Реформа үчүн!» кыймылындагылардан башкаларда сөзсүз ал жогорку жак, акүй менен кеңешилген маселе болот.

Ал эми «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронттун тарапкери, экс-төрага Мукар Чолпонбаев Конституциялык реформага президент сыяктуу эле, парламент да кызыкдар эмес дейт:

- Биздин бүгүнкү парламентте отурган депутаттардын токсон пайызы – бул ишкерлер. А депутаттар бүгүнкү күндө өз укуктары менен өз байлыгын көбөйтүүнүн гана аракетинде жүрүп атышат. А эгер 2010-жылга чейин жүрсө алардын кол тийбестиги дагы, мүлкүнө кол тийбестик дагы сакталып тура бермекчи.

Чолпонбаевдин баамында, азыркы бийлик Конституциялык реформаны 2010-жылга чейин созуунун бардык аргасын пайдаланат. Ушундай көз караштарды эске алганда, Алмаз Атамбаевдин жетегиндеги жумушчу топ иштеп чыккан долбоордун кабыл алынышына бийликчил депутаттар сыяктуу эле оппозиция, анын ичинде реформачылардын деле кызыкчылыгы жок сыяктанат, оппозициянын басымдуу бөлүгү Конституциялык сот тарабынан ноябрь Конституциясынын таанылышына кызыкдар.

Ал эми ондон ашык мүчөсү бар жумушчу топтун төрагасы премьер-министр Алмаз Атамбаев акыркы долбоор бардык саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарын эске алган, тең салмактуу башкаруу системасын калыптай турган башмыйзам болорун байма-бай айтып жатат. Топтун мүчөсү Иса Өмүркулов болсо жайкы эс алууга чейин бул долбоорду парламент кабыл албаса, күздө массалык баш аламандык күчөйт деп эскертти. Азыр иштеп жаткан баш мыйзам аталган долбоорду кароого Конституциялык сотко алты айга чейинки мөөнөттү чектеген. Президент Бакиевдин саясатын жактаган парламенттик көпчүлүк ушул жүйөгө таянып, баш мыйзам долбооруна жайкы эс алуудан кийин кайрылса деле эч нерсе өзгөрүп кетпесин белгилеп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG