Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

УКРАИНА: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ПРЕМЬЕР МУНАСАГА КЕЛИШТИ


Украинанын жетекчилери саясий туңгуюктан чыгуу максатында эрте парламенттик шайлоо өткөрүүгө макулдашышты. Тараптардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топко келишимди ишке ашыруунун жол жоболорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Кечээ президент Юшенко премьер-министр Янукович менен сүйлөшүүлөрдөн кийин буларды билдирди:

- Парламентти таркатуу жөнүндөгү жардыкты жокко чыгарган мыйзамдык норма жок. Атайын түзүлгөн жумушчу топ анын айрым жоболорун карап чыкканча жардыкты аткаруу убактылуу токтотулушу мүмкүн.

Президент бул макулдашууну “жалпы улут күтүп жаткан чечим” деп атады.

Өткөн айда Юшенко "Верховна Раданы" таркатып, эрте шайлоону май айына белгилеген эле. Кийинчирээк, эки тараптан тең миңдеген адам демонстрацияларга чыкканда, шайлоо мөөнөтү 24-июнга жылдырылган.

Президенттин жардыгына караманча каршы болгон өкмөт башчы Янукович эми ага макул болуп отурат. Эгемендик аянтына чогулган миңдеген колдоочуларына кайрылып, премьер кризистен чыгуу үчүн демократиялык жана эркин шайлоо өткөрүүдөн башка жол жок деп түшүндүрү:

- Биздин биргелешкен чечимибиздин негизги максаты – адилет жана демократиялык шайлоо. Ал үчүн эмне кылыш керек? Жумушчу тобуна өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө алып келе турган иш-аракеттерди иштеп чыгуунун жол жоболору сунуш этилет.

Добуш берүү президент мурда белгилегендей 24-июнда болобу же башка күн аталабы, азырынча түшүнүксүз.

Янукович эрте шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөндөр өлкөнү ким башкарууга тийиш деген суроого жооптуу эми элден алат, -деп билдирди.

Сурамжылоолор анын Региондор партиясын добуш берүүнүн жеңүүчүсү катары аташууда. Юшенкону саргылт революция маалында колдогон партиялар болсо бөлүнүп-жарылып кеткен.

Президент менен премьердин тирешүүсү Януковичтин партиясы былтыркы парламенттик шайлоону жеңип, ал коалициялык өкмөт түзгөндөн кийин тереңдеп кеткен. Эки саясатчынын 2004-жылкы президенттик шайлоодогу атаандаштыгы болсо ыңкылапка алып келген эле.

XS
SM
MD
LG