Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


1-майда өлкөдө эмгекчилердин тилектештигинин күнү белгиленди. Ага арналган маданий иш-чаралар Кыргызстандын баардык аймактарында өттү. Ал эми борбордун эс алуу парктарында, кичи конуштарда өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын майрамдык оюн-зооктору болуп, Каражыгач гүлбагында спорттук оюндар өткөрүлдү.

2-майда улуттук телеканалда элдик ырлардын “Чабыт” сынагына тандоо жүрдү. Кароонун талабына ылайык 30 жашка чейинки улан-кыздар калыстар тобунун сынынан өтүштү. Калыстар тобунун мүчөсү Мурат Жолукеев катышуучулардын деңгээли канаатандырбаганын айтты:

-Чынын айтсам келген таланттардын деңгээли орто экен. Бычакка саптуулар өтө эле аз экен. Буга чейин Нарында өткөн “Жаш таланттар” сынагына күбө болуп келгем. Ал жерде үч-төрт эссе күчтүү кенедей окуучуларды көргөм. Бул жерде кишини кубандыра турган таланттар жок экен.

Чынында эле сынак учурунда аткара турган чыгармасынын кайсы жанрга кирерин билбей, ошондой эле ырдай турган ырынын текстин жат билбегендиктен сынакта кагаз карап ырдагандар да болду. Уюштуруучулардын айтымында бул сынакта тандалып алынгандар эми атайын адистерден сабак алышат. Ушундай эле сынак Талас дубанында да өтүп жатат. Жаштардын арасынан ыр-бийге шыктуу улан-кыздарды тандап, аларды чоң сахнага даярдоо максатында уюштурулган “Талас таланттары”аттуу бул долбоорго 19 өнөрпоз тандалып алынган. Учурда бул балдарга адистер устаттык сабактарды өткөрүп жатышат.

Узап бара жаткан аптада 9-май жеңиш күнүнө арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү. Атай кетсек 3-майда улуттук тарых музейинде Бишкек шаардык маданият башкармалыгы жана “Кызыл гвоздика” ардагерлер коому уюштурган “Кызыл гвоздика” фестивалынын галла концерти өттү. Анда жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Эске салсак аталган фестиваль буга чейин эки турда өткөрүлүп, ага согуш жана эмгек ардагерлери катышкан. Алар талапка ылайык жеке жана вокалдык-хордук ырлардан ырдашып, адабий чыгармалардан көркөм окушуп, музыкалык аспаптарда ойношуп өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Эмгектин жана согуштун ардагерлерлерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган бул фестиваль 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул иш-чара менен катар Сейтек балдар борборунда Бишкек шаардык мериясы согуш ардагерлерине арналган салтанат уюштурду. Ал кечеде ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылып, өнөрпоздордун концерти тартууланды.

Бишкектин тургундары жана коноктору бул аптада он фотосүрөтчүнүн эмгектеринен турган көргөзмөгө күбө болушту. Анда өлкөнүн табиятын, каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырган сүрөттөр жана жай турмушту көрсөткөн эмгектер бар. Ошондой эле Өзбекстандын Бухара шаарынын турмушун чагылдырган сүрөттөр коюлган. Фотосүрөтчүлөрдүн бири Владимир Пирогов бир канча сүрөтчүлөрдүн башын бириктирген мындай көргөзмө соңку он беш жылдан бери биринчи ирет өтүп жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле бул көргөзмөгө 22 сүрөт койгондугун, анын ичинде майрамдарды, улуттук оюндарды чагылдырган, Соң-Көлдө жараткан эмгектер бар экенин кабарлады. Жалпысынан көргөзмөгө жүздөн ашык фотосүрөт коюлган. Бул маданий иш-чара 10-майга чейин созулат.

Бишкектин кинотеатрларында бир катар кыргыз тасмалары жүрүп жатат. Октябрь кинотеатрында Эрнист Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасы, Ала-Тоодо Садык Шернияз тарткан “Биринчи кадр” комедиясы, ал эми Россия кинотеатрында Камат Касеновдун “Арман” көркөм тасмасы кинокүйөрмандарына сунушталууда. Ал эми жакынкы күндөрү “Кылым муза” продюссердик борбору “Шайтан араба” аттуу дагы бир жаңы тасманы көрүүчүлөргө сунуштайт. Аталган борбордон билдиргендей детектив жанрындагы бул фильмде жалданма адам өлтүрүү,корупция, кылмыш дүйнөсү ошондой эле сүйүү темасы чагылдырылат.
XS
SM
MD
LG