Бул жолу да элдин катышуусу жогору болуп жатканы кабарланууда. Франциянын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү саат 12де добуш берүүчүлөрдүн 34,11 проценти бюллетендерин салып кетти.
22-апрелде өткөн алгачкы айлампада консерватор Николя Саркози 31 процент добуш менен марага биринчи болуп келген. Негизги атаандашы, социалисттердин талапкери Сеголен Руаяль добуштардын 26 процентин алган. Бүгүн 3- жана 4- орундарды ээлеген чордончул Франсуа Байру менен улутчулдардын лидери Жан Мари Ле Пендин жактоочуларынын добуштары чечүүчү ролду ойношу мүмкүн.
Байру тарапкерлерин бул же тигил кандидатка добуш бергиле деп үндөбөгөнү менен, бир нече күн мурун Саркозиге добуш бербейм деп айткан. Бүгүн болсо добуш бергенден кийин, микрофон сунган ондогон журналисттерге Байру кимди тандаганын айткан жок. Ал эми Ле Пен 1-майда улуттук фронттун жактоочуларын шайлоону бойкоттого чакырды.
Бардык сурамжылоолор Саркози алдыда баратканын көрсөтүүдө. Ушундан уламбы, анын командасы бүгүн кечинде Париждин чок ортосунда өтө турган ири майрамга азыртадан эле даярданууда.
Руаяль болсо элдин пикирин сурап билүүлөргө толук ишенбей турганын айтып келатат. Анын үстүнө биринчи айлампанын алдындагыдай эле бул жолу да кимге добуш берээрин акыркы мүнөткө чейин чече элек француздар арбын.
- Ооба, менимче дагы көп адам кимге добуш берээрин чече элек. Канча экенин билбейм. Мендей кишилер көп. Биринчи айлампада добуш бербеген досторум бар, алар Саркозинин жеңбеши үчүн бул жолу добушканаларга барсакбы деп жатышкан, - дейт Эмили Пети атуу добуш берүүчү.
Аньез Сатор болсо Сеголен Руаялга добуш берүүнү эбак эле чечкен:
- Социалисттердин идеологиясы мага жакыныраак. Ал ишке кандай ашаарын көрөө жатарбыз. Сеголен эски социалисттеден айырмалант. Анан да Саркозинин идеялары өтө эле оңчул көрүнөт.
Мурдагы финансы, ички иштер министри Саркози эркин рынок идеяларын жактап, салыктарды азайтууга убада кылып келатат. Франциянын тарыхына биринчи аял президент катары кирип калууга үмүттөнгөн Руаяль социалдык тармакка көбүрөөк көңүл бура турганын айтууда.
Эки кандидат тең өз чөлкөмдөрүндө добуш берип кетишти. Париж убактысы боюнча кечки саат 8де шайлоо участкалары жабылып, дароо алгачкы жыйынтыктар белгилүү болмокчу. Адатта алар соңку расмий санактарга жакын болуп чыгат.