Оңчул Николя Саркозинин жеңип чыкканы маалым болгондон кийин, Париждин Ынтымак аянтына чогулган анын 10 миңдеген тарапкерлери «Николя президент!” деп кыйкырышып, асманга шампань атып жатышты.
Добуш берүүгө франциялык шайлоочулардын 85 процент чамалуусу катышты. Бул акыркы 26 жылдагы эң чоң көрсөткүч. Өткөн аптада Саркози менен атаандашы Сеголен Руаяль ортосундагы телеэрөөлдү 20 миллион адам көргөн. Бул, байкоочулардын айтымында, француздар арасында саясатчылардын жаңы муунуна болгон кызыгуу өтө чоң болгонун күбөлөйт.
52- жаштагы Николя Саркози мажарстандык иммигранттын уулу. Франциянын мурдакы ички иштер министри. Ал 16- майда өлкөнү 12 жыл башкарган Жак Ширактын ордун жети жылга ээлейт.
Ошентип, социалист Сеголен Руаяль айымдын Франциянын биринчи аял президенти болуу ниети ишке ашкан жок. Социалисттик партиянын талапкери 1995 жана 2002- жылкы президенттик шайлоодо да жеңилип калышкан. Анткен менен, 17 миллион добуш алган Сеголен Руаяль Франциядагы президенттик шайлоонун мөөрөйүнө чейин жеткен биринчи аял болду.
Саркози жеңиши маалым болгондон кийин сүйлөгөн сөзүндө, ою ал үчүн добуш бербеген 17 миллион жаран менен экенин айтып: “Мен бардык француздардын президенти болом” деди.
Саркози өз сөзүндө АКШ сыяктуу улуу мамлекет климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө каршы күрөшкө бут тоспой, анын биринчи катарында болууга чакырды жана Францияга дос катары таянса болорун белгиледи.
Президент Ширак Ирак согушуна каршы чыккандан улам, Париж менен Вашингтондун алакасы бир кыйла осолдоп кеткен.
Саркози социалдык салыктарды 4 процентке кыскартмакчы. Анын натыйжасында, 67 миллиард евро француздардын чөнтөгүндө калат. 35 сааттык жумуш күнү сакталат, бирок, адамдар кааласа, андан көп убакыт иштей беришкендей болот. Ал ошондой эле темир жол каттамдарын иш таштоо маалында да жүргүнчүлөрдү тейлей тургандай кылам, мамлекеттик чыгымдарды чиновниктерди кыскартуу аркылуу азайтам, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөтөм деп сөз берген.