6-майда премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана депутаттар тобу үстүбүздөгү жылдын башында болгон жер титирөөдөн катуу жапа чеккен Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында болушту. Ал жерде өкмөт башчысы менен жергиликтүү элдин ортосунда суроо-жооп жүрдү. Элден түшкөн суроолор негизинен жер-жерлерде айыл банкын уюштуруу, жолдордун оңдолушу, мектептердин абалынын начардыгы жөнүндө болду. Өкмөт айыл башчысы Байдылда Амиров жер реформасы жүргөн кезде аталган айыл токой чарбасынын балансына өтүп калып, миңден ашуун эл үлүш жерсиз калгандыктан учурда бир топ кыйоолорду башынан өткөрүп жатканына токтолду:
-Биздин элибиз чек арада турган четки айыл. Ошого арзан материалдардан жеткирип берсеңиздер. Биз жер реформасы болгондо жер үлүшүн албай калганбыз. Жер үлүшүбүз азыркы күнгө чейин чечилбей келе жатат. Ал токой чарбанын балансына кирип кеткен эле. Аны дагы чечип берсеңиздер, - дейт Байдылда Амиров.
Өкмөт башчысы өз кезегинде 15-майдан баштап зилзаладан катуу чыгым тарткан үй бүлөлөр үчүн 50 миң сомдон, турак-жайлары жарым жартылай кыйроого учурагандар үчүн 10 миң сомдон акча бөлүнүп жана ар бир үй бүлөгө 200 кг буудай берилет деп сөз берди.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаев оппозиция сөзсүз керек деп чогулган элден бийликке карата сын-пикирлерди айтып туруусун өтүндү:
- Оппозиция болсун, чыгып турсун, кыйкырсын. “Бакиев кетсин!” “Атамбаев кетсин!”- деп ошондо биз да элди ойлоп иштейбиз. Кычырап отуруп алсак аягы жаман бүтөт. Ошон үчүн оппозиция болсун. Бийликти көбүрөөк сындагыла. Ошондо бийлик иштейт, - деди премьер-министр Алмазбек Атамбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев болсо, өкмөт башчыга Прелеский алтын кени өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынбай жатканын айтты:
-Алтынды казып каякка алып кетип жатат мен дагы ошону билбей калдым. Зубковго айтсам биз лиценция бердик геологиялык дейт. Ошону дагы бир текшерип койсоңуз. Ким менен сүйлөшүү жүргүзгөн эч ким билбейт экен. Мына үч жыл убакыт болуп кетти, - деди депутат Мурат Жураев.