Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: КРИЗИС ЖАҢЫ ФАЗАСЫНА ӨТӨТ


Жаннат Токтосунова, Прага Кыргызстандагы соңку саясий окуялар серепчилердин ар кандай баамын жаратууда. “Азаттыктын” түз эфирдеги маектеши белгилүү саясат таанучу Орозбек Молдалиев болду.

- 5-майда бириккен фронттун лидери Феликс Куловдун кичи мекени болгон Байтик айылында “Ар намыс” партиясы уюштурган курултай болуп өттү. Анда президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынганы белгилүү. Кайрылууда бийлик апрель митингдерине чыккандарга каршы куугунтуктоону токтотсун, Алмаз Атамбаев баштаган өкмөт отставкага кетип, улуттук ынтымактагы коалициялык өкмөт түзүлсүн деген талаптар коюлду. Эгерде бул талаптар аткарылбаса курултай катышуучулары 20-майдан баштап өлкөнүн аймагы боюнча мөөнөтсүз нааразылык акцияларды уюштурмак болду. Бул эмнеден кабар берет?

- Бул 19-апрелде митингдин тараганынан чыккан нааразылыктарга байланыштуу кризис бүтпөй калды. Бул нааразылыктар бир жыйынтык менен бүтүш керек эле. Бул конфликтин өзүнүн законченемдүүлүгү, же сүйлөшүүлөр жолу менен, же башка жол менен, айтор бул кризис бүтүшү керек эле. Бирок бул кризисти бийлик таратып жиберди. Ошого байланыштуу кризис токтобой калды дагы, эми башка фазасына өтүшү күтүлүп атат. Бул туура болдубу, массалык башаламандык болдубу, хулиганчылык болдубу бул башка кеп. Бул жөнүндө дагы өзүнчө чоң териштирүү болот го. Бирок азыркы сиздин сурооңуздун тегерегинде айтканда, реформалар жүрбөй жаткандыгына байланыштуу бул талаптар кайталана берет. Ошон үчүн бул жерден бийлик дагы, оппозиция дагы бири-бирине карата кадамдарды жүргүзүш керек дагы, бул маселени чечиш керек. Кеп эл көп массалык түрдө чыгабы, азырак чыгабы анда эмес, кеп нааразычылыктардын чечилбей жаткандыгында болуп жатат.

- Оппозициянын айрым талаптарын бийлик аткарбасы айкын болуп жатат. Мисалы өкмөт тарабайт, демек консенсус мүмкүнбү?

- Туура айтып атасыз. Албетте оппозиция тарасын десе эле өкмөт тарап кете бербейт. Алүчүн негиз болуш керек. Ушул жердеги бир айта кете турган нерсе, митинг оппозициянын талаптары Конституциянын, мыйзамдын негизинде жасалышы керек. Өкмөт тарасын деген үчүн негиз болуш керек. Митинг кылып келип тарасын десе эле өкмөт тарай берсе эч убакта стабилдүүлүк болбойт. Атамбаев оппозиция кезде аны менен жүргөндөр Атамбаев премьер-министр болгондо колдобой койду. Ушул жерде кыргызчылык көп болуп кетип атат. Атамбаевди колдойлу деген эч бир кадам болгон жок оппозиция тарабынан. Атамбаевди сындаганга өтүп эле алды. Оппозициянын ушул кадамдары туура эмес болуп атат. Бул эмнеден кабар берет? Бул оппозицияда жеке амбициялары күчтүү экенинен кабар берип атат. Бир саясий багытты алып, ушуну ишке ашыралы дебей атышат. Апрель митингдердин убагында Бириккен фронттун талаптары өзүнчө болуп, "Реформа" кыймылынын талаптары өзүнчө болуп айырмаланганы билинип эле турбадыбы.

- Алар бирок чогуу чыгып келишкен. 5-майда Байтик айылында өткөн жыйынга “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери Темир Сариев, Байболов, Текебаевдер катышкан жок. Демек “Реформа үчүн” кыймылы Бириккен фронттон такыр бөлүнүп кеттиби?

- Башында эле Бириккен фронт өзүнүн негизги билдирүүсүндө бул фронт убактылуу биригүү деп айткан. Экинчиден, реформачылар кошулганда деле айтышкан максаттар бир болгондугу үчүн биз убактылуу кошулуп атабыз деп. Ошон үчүн алар митинг бүткөндөн кийин эле четинен жарыя кыла башташты. "Биз Бириккен фронттун талаптарынан чыктык, "Реформа" кыймылын улантабыз, өзүбүздүн Конституциялык реформаны жүргүзөлү деген талаптарыбыздан тайбайбыз" деп алар билдирүү жасады. Бул жерде, албетте, Бириккен фронттун стратегиялык, тактикалык көп катачылыктары болду. Ошон үчүн реформа кыймылы ушуну түшүнүп булардан бир аз четтей баштады деп айтсак болот.

- Сиз саясий кырдаал кандай багытта өнүгөт деп ойлойсуз?

- Бул жерде саясий маданияттын деңгээли баштагыга караганда жогорулап калганын айта кетишибиз керек. Бирок оппозиция митингдерди жакшылап үйрөнүшү керек экендиги да көрүнүп калды.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG