Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

ТҮРКИЯ: ЭРТЕ ШАЙЛОО- МАШАКАТСЫЗ ЖОЛ


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл президенттикке койгон талапкерлигин 6-майда алып салды. Мындай кадамды ал парламенттин шекшембидеги сессиясында кайрадан кворум болбой, добуш берүү өткөрүлбөй калган соң жасады.

Адилетттик жана Өнүгүү исламдык партиясынын кандидаты Абдулла Гүлдү колдоодон өлкөнүн оппозициялык партиялары бул жолу да баш тартып, сессияга келбей койушту.Кворумга жетишүү үчүн сессияга депутаттардын үчтөн экисинен кем эмеси катышуусу керек. Жекшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө Абдулла Гүл президенттикке талапкерлигин алып салгандыгын жарыялап, буларды айтты:

"Менин жана жолдошторумдун саясаттан түшүнүгү саясий ойундарды ойноп жаткан эски түшүнүктөгү кишилердикинен талтакыр башкача. Ошон үчүн мен талапкерлигимди мындан ары койуунун кажети жок деп эсептейм. Мындан ары эл өзү тандасын, мен болсом мындан кийин да элдин кызматында болом. Убакыт келгенде эл өзү тандайт",- деп айтты Гүл.

Гүл жана анын АК партиясы азыр өлкөдөгү секулярдык түзүлүштүн миллиондогон коргоочулары менен өлкө аскерлеринин кысмагына дуушар болууда. Стамбул, Анкара жана башка шаарларда өткөн демонстрациялдарда түрктөр өлкөнүн тымызын исламдашуусуна каршылык билдирип, Абдула Гүлдүн кандидатурасын алып таштоону талап кылышты.

Түркиянын мыйзамдары боюнча парламент президентти шайлоого төрт ирет катары менен аракет кыла алат. Эгерде өлкө башчысы төртөөндө тең шайланбай калса, парламент таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшү керек.

Президентти шайлоо укугу андайда жаңы шайлаган парламентке өтөт. Ал эми президент шайланганга чейин өлкөнү башкарып жаткан президент кызматын аткара берет. Президент болуп шайлануу үчүн талапкер парламенттеги добуштардын бери дегенде 51 проценти алуусу керек. Түркияда президенттин кызматы көбүн эсе номиналдык мааниге ээ, бирок ошону менен бирге эле өлкө башчысы мыйзамдарга вето койуу укугуна да эгедер.

Түркиянын оппозициялык партиялары президентти шайлоо укугун шайлоочулардын өздөрүнө берүүнү, ан үчүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүнү талап кылып жатышат. Бирок Британиянын "Экономист" басылмасынын Стамбулдагы кабарчысы Амберин Заман өлкөдө эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнүн ыктымалдыгы кыйла чоңураак экенин, бул бийликте турган АК партиясына ыңгайлуураак, ары пайдалуураак да боло турганын баяндайт:

"Өткөн апталарда болгон окуялардын негизинде АК партиясы үчүн эң коопсузу - эрте парламенттик шайлоо өткөрүп, андан соң жаңы президентти шайлоо болоор эле, деп айтаар элем. Бул кризистен чыгуунун эң машакатсыз жолу болот",- деди Заман.

22-июлда өткөрүү сунуш кылынып жаткан эрте шайлоодо АК партиясы оппозицияга тийешелүү орундардын кыйласын жеңип алып, парламенттеги позициясын жакшыртып алууга үмүт кылат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG