Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

КЫРГЫЗСТАНДЫН АТУУЛУН АТЫП САЛГАН АКШ АСКЕРИ ЖАЗАСЫЗ КАЛАБЫ?


Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы айдоочу Александр Ивановду атып өлтүргөн АКШнын аскери Закари Хэтфилдге карата козголгон тергөө-иликтөө иштерин жыйынтыктады. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Закари Хэтфилд күнөөлүү деп табылды. Бирок, “Манас” аба майданындагы АКШ аскерлери кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан, аны кылмыш жообуна тартуу мүмкүн болгон эмес. Башкы прокуратурадан алынган маалымат боюнча, учурда бул ишти АКШ тарап иликтеп жатат жана айыпкер З.Хэтфилдди Кыргызстандын чегинен чыгарып кетишкен. Айрым жарандык коомчулуктун өкүлдөрү муну Кыргызстанды басынтуу, чектен чыккандык, баскынчылык катары баалап жатышат.

Баш-аягы беш айдан ашуун сүргөн тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы, АКШ аскери Закари Хэтфилдди Кыргызстандын жараны Александр Ивановду атып өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапты. “Манас” аба майданындагы АКШнын аскердик базасында кызмат өтөгөн Закари Хэтфилд, былтыр 6-декабрда күйүүчү май ташыган айдоочу, Кыргызстандын жараны Александр Ивановду кызматтык “Беретта” тапанчасы менен атып өлтүргөн эле. Мындан мурда Башкы прокуратуранын айыпкерди Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш жообуна тартуу үчүн өткөрүп берүү сунушун АКШ тарап четке каккан. Анткени, эки тараптуу келишим боюнча Кыргызстанда жайгашкан АКШ аскерлери кол тийбестик укугуна ээ жана АКШнын гана мыйзамдарынын алдында жооп беришет. Кыргызстандын Башкы прокуратурсынын эл аралык кызматташтык жана байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сумар Насизанын ырасташынча, бул ишти АКШнын органдары иликтеп бүтө электигин билдиришкен. Ошондой эле АКШ тарап З.Хэтфилд алардын иликтөөсү боюнча күнөөлүү деп табылса, өткөрүп бериши мүмкүн экендигин ырасташкан:

- Алар бул иш боюнча биздеги материалдардын көчүрмөсүн сурап жатышат. Бул алардын тергөө иштерине баа берүүдө керек болот. Алар бизге жиберген катында, эгерде АКШ тарап айыпталып жаткан ар бир аскеринин күнөөсүн далилдесе, өткөрүп бере тургандыгын айтышат.

Ал эми Александр Ивановдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Галина Скрипкинанын айтымында, учурда АКШ тарап тергөө иштеринин созулуп кеткендигине байланыштуу Ивановдун жесирине 40 миң сом төлөп берүү менен гана чектелип турат:

- Ивановдун жесирине АКШ тарап тергөөнүн созулуп кеткенине байланыштуу 40 миң сом гана төлөп берди. Бул материалдык компенсация. Январь айында Ивановдун жесири моралдык компенсация төлөнүшү керектигин сурап арыз жазган. Бирок, ушул кезге чейин бул арыз боюнча бир тыйын төлөнгөн жок.

Бир катар жарандык коомчулуктун өкүлдөрү А.Ивановдун өлтүрүлүшү АКШнын аскерлери тарабынан жасалган биринчи окуя эмес экендигин, буга чейин да алардын кол тийбестик укуктарынан пайдаланып кылмыштуу иштерге барышканын айтышууда. Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, бул тууралуу мындай дейт:

- Бул биринчи эле болуп аткан окуя эмес да. Ошондой эле былтыр Тафури деген капитаны Кантта бир баланы тепсеп кетти. Баягы үч кыз менен болгон окуяны билесиңер. Ошол эле учурда канчалаган тонна бензиндер биздин элдердин башына төгүлдү, жаратылышыбыз бузулду. Анан ар кандай сөз жүрүп атат, жерлерибизди казып атышат, Ооганстандан баңгизаттар ташышат экен деген сыяктуу. Эмне кылып атышканын билбейбиз. Биздин адистер кирип текшергенге укугу жок. Бул – баскынчылыктын бир түрү болот. Расмий түрдөгү, эл аралык коомчулук колдогон баскынчылыктын түрү.

Борбор шаар Бишкектен обочороокто жайгашкан АКШнын «Ганси» аба базасы 2001-жылдын декабрь айында эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Аба базанын негизги максаты, Ооганстанда жүргүзүлүп жаткан «Кыйрагыс эркиндик» деп аталган аскерий иш чарага көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бирок, айрым адистердин баамында бул аба база барган сайын күч алып бараткан Кытай менен акыркы убакта кайрадан чыңалып келаткан Орусияга карай багытталган. Ар кыл эсептер боюнча «Ганси» аба базасында 800-1000дин тегерегинде аскер кызмат өтөйт.

XS
SM
MD
LG