Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

АРМЕНИЯ ШАЙЛООГО ЖАҢЫЧА ДАЯРДАНЫП ЖАТАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Арменияда 12-майда парламенттик шайлоо өтөт. Өлкөдө азыр шайлоого карата камылгалар аяктап калды. Эл аралык IFES корунун Армениядагы өкүлчүлүгү 2005-жылдан тарта шайлоо жараяндарын жана аны башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорун ишке ашырып келет. Натыйжада IFES жана башка уюмдардын колдоосу астында Армениядагы парламенттик шайлоолор бир катар жаңы ыкмалар менен коштолмокчу. Мына ушул саамалыктар жана шайлоолорду өткөрүү даярдыктар тууралуу ушул тапта Арменияда IFES эл аралык корунун шайлоо комиссияларынын билимин өркүндөтүү боюнча кеңешчиси кыргызстандык Кеңешбек Сайназаров "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берип, маектешкен.

- Кеңешбек мырза, оболу өзүңүздөрдүн долбоорлоруңуз тууралуу баяндап кетесизби?

- Долбоордун алкагында бир канча программалар бар. Алардын негизгилерин санай турган болсок, бул Армения республикасындагы шайлоочулардын тизмесин тактоо, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте шайлоо комиссияларынын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча ар кандай тренингдерди өткөрүү жана майыптардын шайлоо укуктарын коргоо. Ошондой эле мындан башка да майда проектилер бар. Долбоорду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги каржылайт.

Майыптардын шайлоо укугу тууралуу айта турган болсок, КМШ аймагында биринчилерден болуп шайлоо чөлкөмдөрүндө көзү көрбөгөн азиз адамдар үчүн бирөөлөрдүн жардамысыз добуш берүүсүнө шарт түзгөн картон папкалар (Tactile Ballot Guide (TBG) берилет жана майыптар арабасы жүрө ала турган атайын жолдор жасалды.

- Ар кандай тренингдерди өткөрүпсүздөр, анан ушундан улам Армениядагы шайлоолордун өтүшүнө кандай деп баа бересиз?

- Бул долбоорлорду ишке ашырууда бир эле IFES эмес, дагы башка эл аралык уюмдар иштеп жатат. Негизинен бүгүнкү күндө Армениянын шайлоо кодексинен улам шайлоонун ачык жана таза өтүшүнө демократиялык пайдубал түзүлдү деп айтууга болот.

- Демек сиздин баамыңызда Арменияда добуш берүү эркин жана адилет болот деп айтууга негиз бар?

- Эркин жана адилет өтөт деген ой бар. Себеби, акыркы эле жолку жаңылыктарды айтып кетсем. Шайлоодо добуштун купуялуулугун жана бир эле адам бир канча бюллетендерди таштабасы үчүн Арменияда биринчи жолу конверттер колдонулуп жатат. Шайлоочу өзүнүн бюллетенине белгилүү белгини койгондон кийин конвертке бюллетенин салып туруп, үкөккө таштайт. Кийин үкөктү ачканда ар бир конвертте бир гана шайлоо бюллетени болушу керек. Бир шайлоо конвертте бирден ашык бюллетень, же болбосо башка конверт колдонулган болсо добуш жараксыз деп табылат.

Дагы бир өзгөчөлүктү айтып кетким келет. Бул - байкоочулардын укугунун кеңейиши. Байкоочулар ар бир шайлоо чөлкөмүнө барганда каалагандай эркин, бирок шайлоо жараянынан тоскоол кылбагандай кылып басып жүрүп байкоо жүргүзүү укугун алды.

Дагы шайлоо тизмесиндеги өзгөрүүлөр болду. Себеби буга чейин шайлоочулардын тизмеси 937 жергиликтүү өкмөт тарабынан түзүлүп келген жана ал жерде проблемалар бар экен. Мисалы бир эле адам, айталы Ереванда каттоодон өткөн болсо, ошол эле адамдын дагы бир башка облустта да каттоосу бар. Андан сырткары, мисалы Орусияда жашап жаткан же болбосо дүйнөдөн кайтып кеткен адамдардын аттары шайлоо тизмесинен чыгарылган эмес. Армениянын полициясы астындагы виза департаменти шайлоочулардын тизмесин кайрадан карап чыгуу боюнча негизги бөлүм болуп саналат. Эки жыл болуп калды, быйыл аябай катуу киришип, алар аябагандай көп жумуштарды жасашты. Анын ичинде IFES виза департаменти менен биргеликте бир канчалаган шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча бир катар иштер жасалды. Мисалы, биздин волонтерлор шайлоочулардын тизмесин үймө-үй жүрүп кыдырып текшеришти. Албетте биздин уюм мындай иштерди бүтүндөй Армения аймагында жасай албадык. Бирок негизги проблемалуу делген, айталы жер титирөө болуп үйлөр кыйрап калган, же адамдар жашабай калган аймактарда тактоо жүрдү.

Дагы бир жакшы жагы шайлоочулар борбордук шайлоо комиссиясынын интернет сайтынан өзүнүн атын текшерсе болот. Издөө сайтына IFESтин жардамы менен ошол адамдын кайсы жерде жашаганы, кайсы үйдө турганы, аты же атасынын аты, ар кандай категория боюнча издегенге мүмкүнчүлүк түзгөн шарттарды киргизди.

Шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө себепкер дагы бир нерсе, шайлоо комиссиясы менен аймактык шайлоо комиссияларды бириктирип турган өзүнчө компьютер тармагы түзүлгөн. Ал тармак аркылуу аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн ар бир жыйынтык борбордук шайлоо комиссиясында да ошол эле мезгилде көрүнүп турат.

Мындан сырткары, байкоочулар, массалык маалымат каражаттын өкүлдөрү талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоо участкаларында кенен кесири сүрөткө тартса же видеотасмага түшүрсө болот. Мына ушуларды өзгөчөлүктөр, жаңы түзүлгөн шарттар деп айтса болот.

- Келерки жылы президенттик шайлоо өтөт эмеспи, анан бул жаңы шарттар ал шайлоого карата даярдыктар деп кароого болсо керек?

- Келерки президенттик шайлоого чейин азыркы шайлоодо киргизилген жаңылыктарды сынактан өткөрүү жараяны болсо керек деп ойлойм. Канчалык деңгээлде иштейт же иштебейт көргөнгө мүмкүнчүлүк болот. Өзгөчө мобул шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча. Бүгүнкү күнгө чейин биз көптөгөн жумуштарды жасадык. Бирок дагы да болсо аткарууну талап кылган жумуштар калды. Бул шайлоодо эгерде шайлоочу тизмеден өзүнүн атын таппаса, кошумча шайлоо тизмеге кириш үчүн же кайрадан виза департаментине барыш керек, же болбосо сотко барып, соттун өкүмүн алып келиш керек ( Эгерде шайлоочу тизмеде жок болсо участкалык шайлоо комиссиясы өзү билип аны кошумча тизмеге киргизе албайт). Бирок бул иштерди бир күндүн ичинде жасап жетише алабы? Экинчи маселе, шайлоочу кошумча тизмеге кириш үчүн атайын виза департаментине, же сотко барат деп ким кепилдик бере алат?

- Ырахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG