Борис Очкин мындан алтымыш эки жыл мурда Берлинди алган жоокерлердин бири. Жеңишти алар колдо болгон куралдардан,автоматтан,артиллериядан асманга жабылта залп атып, анан,албетте,тост көтөрүп тосушканын айтып, ошондо да акыл-эсибизди жоготкон эмеспиз, деп эскерет. Аскерге Очкин 1941-жылы чакырылып, төрт жыл бою казат салып,жоо сүрүп, Берлинге чейин жеткен.Согуш бүткөн соң Берлиндеги советтик коменданттын жарандык иштер жагынан жардамчысы болуп дайындалган.
Бүгүн Очкин миңдеген ветерандар менен бирге Москвада параддан өтмөкчү. Бирок бу жолу алардын көңүлү Таллинндеги окуяга байланыштуу бир топ кырааланып турганын да ал жашырбады. “Биз буга өтө ачууланып жатабыз,- дейт Очкин. - Акырындап кеңешип, жакшылыкча эле эстеликти башка жерге которуп коюшса болмок. Бирок эстондордун жасаганы жакшы болбоду,алар иш жүзүндө бизди бетибизге түкүргөндөй кылышты”.
Советтик солдатка арналып тургузулган коло эстеликтин саясий коогасы чын эле оңой болгон жок. Таллиннде жана Москвада массалык демонстрациялар, тополоңдор чыкты, эстон элчиси Москвадан убактылуу кеткенге мажбур болду, атүгүл Россия менен Эстониянын, Евросоюздун, НАТОнун жетекчилери кер-мур айтышып да калышты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров коло монументти кодулап,эстон бийликтери дүйнөлүк экинчи согушта курман болгон советтик солдаттардын арбайын кордогонун белгиледи.
Министрдин бул сөзүнө согуштун дагы бир ветераны Михаил Борисов толугу менен кошулат. Борисов эстеликти көчүргөнү эстондор өтө беймаал учурду тандап алганын айтты. “Эң жаманы – муну алар жуп Жеңиш күнүнүн арапасында жасашты, биртке күтө турушса, ызы-чуу басылат эле, анан бир мунасага келип, эстеликти шаан-шөкөтү менен башка жерге көчүрүп коюшат эле да”, - дейт ал.
Коло эстелик алдында оккупанттар көмүлгөн деген кептерди Борисов тарыхты кайра жазуу аракети катары баалайт. “Учурунда бизди гүл көтөрүп тосуп алышпады беле, анда кайдан жүрүп оккупант болуп калабыз?! – дейт ал. – Күнү бүгүнкүдөй эсимде, атчан бараткан элем, бир абышка чуркап келип, өтүгүмдөн өпкөн.Буга аларды ким мажбурлады эле?! Чехословакияда,Румынияда,башка жерлерде да бизди ушинтип тосушкан”.
Борис Очкин болсо саясатчылардын тарыхты кайра жазуу аракетинен улам жаш муундар арасында 62 жыл мурдагы окуялар тууралуу тайкы көз караштар таралып баратканына өкүнөт. Москвалык мектептерде өткөрүп жүргөн “Эрдик сабактары” маалында окуучулар көбүнчө Гитлердин бункери кандай болгонуна кызыгышат. “Ал эми согушта атагы чыккан кайсы колбашчыларды билерин сураштырсаң,баары үн катпай калышат. Не Жуковду,не Сталинди билишпейт”, - дейт Очкин.