Эл аралык байкоочулар Тоолуу Карабак маселесин "тоңуп жаткан конфликттер" тобуна кошот бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна былтыр төрагалык кылган Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхттун айтымында, Карабак маселеси канчалык көпкө чечилбей жатса, ошончолук коркунучтуу: "Мен ишенем, тоңуп жаткан конфликттердин ичинен эң коркунучтуулардын бири - Тоолуу Карабак маселеси. Биз аны ылдам чечпесек, эртеби-кечпи, андан өтө чоң проблема чыгат", - дейт де Гюхт.
Маселе боюнча 1992-жылы атайын Минск тобу түзүлгөн жана ал иштеп чыккан эрежелергн ылайык, Карабак боюнча Армения жана Азербайжан ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр аягына чейин чыкмайынча, алардын жүрүшү боюнча эч бир тарап алдын ала жарыя кылбаш керек.
Бирок Азербайжандын президенти Илхам Алиев 4-май күнү Бакы шаарынын алдындагы жыйында сүйлөп, армян тарап ал сүйлөшүүдө бир топ орчундуу эпке келе баштады деп билдирди. Анын айтымында, маселени бир нече кадамга бөлүп, аларды биринин артынан бирин чечүүгө Ереван макул болду. Андан тышкары, Карабактын айланасындагы Азербайжандын жети аймагын азыр көзөмөлдөгөн армян аскерлерин Ереван чыгарып кетүүгө дагы даяр, бирок бул шарттарды аткарууга бир нече жыл кетет.
Алиевдин айтымында, Ереван андай кадамга барса, Бакы дагы армян тараптын шарттарын аткарууга макул, мисал үчүн, аймакка эл аралык бейпилдик күчтөрүн орноштурса болот, бирок алар ал жерде көпкө калбаш керек. Мындай маселелер жөнгө салынгандан кийин болсо, Тоолуу Карабактын келечеги боюнча элдик референдум өткөрсө болот.
Армениянын премьер-министри Серж Саркисян жана өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Владимир Карапетян дароо Алиевдин маалыматын жокко чыгарды. Тоолуу Карабактын өз жетекчилигинин айтымында, жумурияттын эгемендүүлүгү боюнча 1991-жылдын 10-декабрында референдум өткөрүлгөн жана эч кандай жаңы референдумдун кереги жок.
Байкоочулардын баамында, мындай жарыя жасаганга Азербайжан президентинде орчундуу себеп болууга тийиш. 12-май күнү Арменияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана айрым эксперттердин айтымында, шайлоо учурунда бийлик анын жыйынтыктарын бурмалады деп армян эли арасында толкундоолор чыгышы ыктымал, ошондуктан Азербайжан президенти аны утурлап, Ереванга таасир кылууга аракеттенүүдө.
Башкалардын пикиринде болсо, Карабак маселесин Бакы күч менен чечүүгө да даярданып жаткан болушу мүмкүн, андай болгондо мындай жарыялар Армения жетекчилигине андай аракеттердин алдында жасалган басым болушу мүмкүн.
Эки өлкө президенти 10-июнда Санкт-Петербург шаарында жолугуп, башка маселелер арасында Тоолуу Карабак проблемасын дагы талкуулаш керек. Бирок президент Илхам Алиевдин 4-майдагы жарыясынан кийин ал жолугушуу эми пландалгандай өтөөр-өтпөсү белгисиз.