Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

9-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


9-май СССР мамлекетинде жана азыркы айрым Шериктештик өлкөлөрүндө Улуу жеңиш майрамы катары белгиленет. 1933-жылдын бу күнү Абдыкерим Сыдыков, Турды Акун Сопиев, Султан Курманов, Ишенаалы Арабаев, Касымбай Телтаев, Найзабек Тулиндер камакка алынган.

Ормон хандын уулу Үмөтаалынын Улуу жүз казактардын приставы М. Д. Перемышльскийге жазган каты орус бийлигигин тынчын албай койгон эмес. Улуу жүз казактардын приставы Үмөтаалынын каты жана анын мазмуну туурасында1854-жылдын 9-майында Өзгөчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Билдирүүдө ташкенттиктер кыргыздарды орус бийлигине каршы тукуруш үчүн аларга мол белек берип жаткандыгы кабарланат. Мындай мазмундагы маалымат орус бийлигине Үмөтаалынын катынан тышкаары, башка кыргыздар да кабарлап аткандыгы айтылат.

9-май СССР мамлекетинде жана азыркы айрым Шериктештик өлкөлөрдө Улуу жеңиш майрамы катары белгиленет. Бу күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган.

2004-жылы Кыргызстан жана бир канча Шериктештик өлкөлөрү 8-9-майды Эстутум жана жарашуу күнү деп жарыялоо өтүнүчү менен Бириккен Улуттар уюмуна кайрылышкан. Кайрылууга жараша БУУ бу датаны Эстутум жана жарашуу күнү деп жарыялап, ал Экинчи дүйнөлүк согушта өмүрүн кыйгандарды эскерүү катары майрамдалаары, мындан ары ал күн согуш болтурбоо үчүн күрөштө символ сыяктуу туу тутулаары белгиленет.

В. И. Ленин жана Я. М. Свердловдун колу коюлган ВЦИКтин декрети 1918-жылдын 9-майында жарык көрдү. Анда нан запастарын катып, таңсыктыктан кызыл кулактык жасап аткан кыштак буржуазиясына каршы чечкиндүү чара көрүү туурасында Тамак аш боюнча Элкомиссарларына тапшырма берилет. Аталган декрет Кыргызстан аймагына да тарап, ага ылайык кыргыз байларынын малдары тартылып, ортого алына баштаган.

Орто Азия аскер округунун Атайын бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Левшиндин буйругу боюнча 1933-жылдын бу күнү Абдыкерим Сыдыков, Турды Акун Сопиев, Султан Курманов, Ишенаалы Арабаев, Касымбай Телтаев, Найзабек Тулиндер камакка алынган. Аларды камоо токтомун Кыргыз АССР ГПУ начальнигинин орун басары Четвертаков бекитип, аталган адамдарга «контрреволюциячыл аракеттеги элементтер» деген күнөө коюлган.

Түркстан коммунисттик партиясынын VII курултайы 1924-жылдын 9-майында ишин аяктады. Курултайда Түркстандын саясий-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук республикалардын өз алдынча уюшулуш маселелери каралган.
XS
SM
MD
LG