Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

СУДАНДЫК БИЙЛИК ДАРФУРДАГЫ КАГЫЛЫШТАРГА ОРУСИЯЛЫК КУРАЛДЫ КОЛДОНГОНБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Адам укугун коргоочу «Эл аралык мунапыc» уюму Дарфурдагы куралдуу тирешүүдө Суданга согуштук курал менен жабдып, бийликтин чырагына май тамызып атат деп Орусия менен Кытайды күнөөлөп жатат. Эл аралык уюмдун докладында Судандын провинциясы Дарфурдагы кишилерди массалуу түрдөгү кыруу дүйнө элдерин тынчсыздантып атканда, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө эки өлкө биринчи кезекте этиет болушу керек эле деп белгиленет. Орусиялык тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хартумга куралды мыйзамсыз саткан деген айыпты четке кагууда. Өз кезегинде Кытай да африкалык өлкөгө курал сатуу боюнча күнөөнү четке кагууда.

Докладда жазылганга караганда, Орусия бир эле 2005-жылы Суданга куралды 21 миллион долларга саткан. Кытай да курал сатып анын тапкан пайдасы ал жылы 24 миллион долларга жеткен. Ал куралдарды бийлик Дарфурда кийинки төрт жыл бою жүрүп аткан атуулдук согушта жикчилдерди басуу үчүн колдонуп атат дешет.

Саясий талдоочулар чөйрөсү болсо ал аймакта тургандар христиан динине таат кылгандар деп айтышат. Бийликтегилер мусулман динине таат кылгандар дешет. Ошондуктан кармаштын артында диний да шаани жатканын белгилешет. Эл аралык мунапыс уюму чыгарган бүтүмдө Дарфурда төрт жыл арасында курман болгондо эсеби 200 миң кишиге жетти делинет.

БУУ коопсуздук Кеңеши 1591-чечими менен 2005-жылы март айында дүйнөдө курал өндүргөн өлкөлөрдүн Судан бийлигине курал сатуусуна тыюу салган. Бирок ар башка амал менен Хартумга курал сатуусун Маскөө менен Бежин дагы эле коюша электиги айтылат. «Эл аралык мунапыс» уюмунун өкүлү Лидия Аройо биздин аны мындайча бышыктайт:

«Бир нече апта мурда Дарфурда жүргөн согуштук кармаш жүргөндө колдонгон орусиялык тик учманы сүрөткө тартып алуу болду».

Маскөө болсо Судан менен алыш-бериште эл аралык тартипти сактайбыз деп андай айыпты четке кагууда. Стратегиялык жана анализдөө борборунун жетекчиси Руслан Пухов кечээ «Азаттыктын» кабарчысына берген жообунда Орусия ал африкалык өлкөгө мурда согуштук курал коюп келгенин, бирок кийин ал болбой калганын мындайча түшүндүрдү:

«Азыр биздин Венесуэла, Алжир, Кытай, Индия менен аябагандай жогору баадагы келишимдер бар. Сауд араб өлкөсү менен да ири келишим түзүүнүн алдында турабыз. Ошондуктан судандык курал сатып алуучулар биз үчүн кедей соодагер болуп калышкан», - дейт.

Ошол эле учурда мурда ал өлкөгө саткан согуштук куралдар кыйла болгонун эскерет. «МиГ-29 түрүндөгү истребителден 12 даана, БТР-80ден 30 даана, Ми-17 согуштук жана жүк ташуучу тик учмадан 15 даана, Ми-24 жана Ми-25 согуштук тик учмадан бештен көбүрөөк сатканбыз», - дейт.

XS
SM
MD
LG