Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

ООГАНСТАН: РЕГИОНДОГУ ЭҢ ЛИБЕРАЛДУУ МЫЙЗАМ ӨЗГӨРТҮЛГӨНҮ ЖАТАТ


Айрым ооган журналисттери массалык маалымат каражаттарына киргизилери пландаштырылып жаткан толуктоолор менен оңдоолор журналисттердин укуктарын кеңейтпестен кайра чектейт деп кабатыр болуп жатышат. Ал эми долбоордун авторлору болсо, тескерисинче, мыйзам бийлик мекемелеринин эркин прессага кысмак жасоосуна жолтоо болоорун айтып жатышат.

Ооганстандын массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамы мындан төрт жыл мурда өлкөнүн парламенти шайлана элек кезде декрет түрүндө кабыл алынган. Бул мыйзам региондогу мамлекеттердин ичинде эң либералдуу мыйзам болуп эсептелет. Ошон үчүн парламенттин мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду сунуш кылып жатканын көптөгөн журналисттер алардын укуктарын чектөө аракети катары сыпаттап жатышат.

Мыйзамдын сынчыларынын бири, журналисттердин Улуттук Бирикмесинин башчысы Саид Ага Санжараки ал жетектеген топ бир канча оңдоолордун киргизилишине караманча каршы экенин билдирди:

-Медиа тармагындагы арыздардарды карай турган комиссия журналисттер үчүн чоң көмөк болуп келатат. Тилекке каршы, жаңы мыйзам аны жойуп салат. Ооганстандын радио жана телевидениеси коомдук тейлөө тармагы болуп эсептелчү, эми Улуттук радио жана телевидение Маалымат жана маданият министрлигинин карамагына өтүүдө,- деп нааразы болду журналист.

Ал ошондой эле мыйзамда исламдын принциптери жөнүндө сөз болгонун, бирок ал принциптер өтө күңүрт чагылдырылганын кошумчалады.

"Кабул" деген жумалыктын башкы редактору Фахим Дашти жаңы мыйзам эркин журналисттердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бийликтин журналисттерди кысмактоосуна жол ачып жатканын баяндады.

Азыр иштеп жаткан мыйзам 1960- жылдарда кабыл алынган мыйзамдын негизинде иштелип чыгып, 2004-жылы декрет түрүндө чыккан. Мыйзамга оңдоолорду киргизүүнүн тарапкерлеринин бири, Маалымат жана маданият министрлигинин медиа боюнча жооптуу кызматкери декретти мыйзам түрүндө кабыл алуу зарыл нерсе экенин белгилеп, ага майда- чүйдө гана кошумча -алымчалар жасала турганын айтып, өкмөт маалымат каражаттарын өз көзөмөлүнө алгысы келип жатат деген айыптоолорду четке какты.

-Ооган өкмөтү өз каалаганын жасай албайт. Медиа жөнүндөгү мыйзам боюнча өкмөттүн ага укугу жок. Маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууну дегдеп тургандар болгон күнү да буга мыйзам жол бербейт ,- деп ишендирди Нажиб Маналай.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG