Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:40

АМЕРИКА СЕРБИЯНЫН КЫЗУУ КАНДУУЛУГУ БАСАҢДААРЫНА ҮМҮТТӨНӨТ


Серб парламентинин жаңы шайланган спикери өлкө Россия менен тыгыз мамилелерди өөрчүтүүсү керек деп билдирди. Аша кечкен улутчул радикал Серб партиясынан мүчөсү Томислав Николич Россияны "Американын жана Еврошаркеттин өкүмдардыгына каршы чыккан өлкөлөрдүн башын бириктире ала турган мамлекет",- деп сыпаттады.

8-майда 250 орундуу парламенттин алдында сүйлөгөн сөзүндө радикал серб партиясынан өкүлү Томислав Николич сербдердин көпчүлүгү Еврошаркетке эмес Россия баш болгон мамлекеттер альянсына ыктайт деп билдирди. Ал бул көз карашын парламентттин спикери болуп шайланган соң сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Спикердикке шайланган улутчул саясатчыны алгачкылардан болуп Россиянын Сербиядагы элчиси Александр Алексеев куттуктап, Россия Сербия менен баардык тармактарда кызматташууга жана алакаларды чыңдоого даяр деп билдирди.

Николичтин батышка каршы айткан сөздөрү таң калыштуу деле эмес, байкоочулар ал көпчүлүк сербдердин ойун айтып жатканын, анын шайлануусунун өзү эле парламенттеги жалпы маанай билгизип турганын айтып жатышат.

Николич мурдагы президент Слободан Милошевичтин жакын санаалаштарынын бири болгон.Милошевич "адам баласына каршы кылмыш кылган деген кине менен иши Гаагадагы эл аралык трибуналда каралып жаткан кезде жүрөк оорусунан каза болгон. Ал эми ушундай эле айып менен издөө салынып жаткан генерал Радко Младич трибуналга дагы эле өткөрүлүп бериле элек."

Еврошаркеттин аны өткөрүп берүү талабын кабыргасынан койгону өлкөнүн Батышка каршы чыгып жаткан саясатчыларды ого бетер өчүктүрдү. Радикал Серб партиясы Радко Младичти нагыз баатыр деп эсептейт.

Серб консерваторлору менен катардагы жарандардын кыйласын ошондой эле Улуттар уюмунун Косового көбүрөөк автономия берүү планы кыжырдантып жатат. Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Россия бул планга вето койууга кесенип жатат.

Серб парламентинин спикерлигине аша кечкен улутчул Николичтин шайлануусу Батышты бир топ тынчсыздандырды.

-Улутчулдукту шыкактап, тукурган адамдарды эч ким жактырбайт. Бул Сербия үчүн эч пайдасыз. Бул алга карай арымдоого жана Балкан жарым аралында туруктуу коомду түзүүгө салым кошо албайт. Биз спикерди шайлоо учурунда чыккан кызуу кандуулук менен айтылган өйдө- төмөн сөздөр бара- бара сууп, басаңдайт деп үмүттөнөбүз ,- деп айтты АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Син МкКормак.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG