Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ БИР АПТА БОЮ БОРБОР АЗИЯДА БОЛОТ


Нарын АЙЫП, Прага 9-май күнү кечинде орус президенти Казакстанга келди жана казак президенти менен бирге 10-майда Түркмөнстанга барат, андан кийин болсо Путин кайрадан Казакстанга келет жана бир нече орчундуу келишим түзүлөт. Сапар бир аптага уланат.

Орус президенти Владимир Путин онуна караган түнү Астанага келди жана ал күнү казак президенти менен сүйлөшүү өткөрүп, ошол эле күнү Нурсултан Назарбаев менен бирге кошуна Түркмөнстанга барат. 11-май күнү Түркмөнбашы деген шаарда үч тараптуу бийик жолугушуу өтөт. 12-май күнү болсо Путин Казакстандын Актау портуна барып, ал жерде Назарбаев менен кенен сүйлөшөт жана Маскөөгө 15-майда кайтып келет.

Бардык эксперттердин пикиринде, бул сапар учурунда борбор азиялык мунай жана газ байлыктары менен Орусияны үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланат: "Эң негизгиси - түркмөн газынын келечектеги экспорту жөнүндө сөз болот. Азыркыдай ал газ Орусияга жөнөтүлө береби, же болбосо Түркмөнстан башка экспорт жолдорун издейби, мисал үчүн, АКШ сунуштап жаткандай, Каспий деңизи аркылуу куур салынабы", - дейт Лондон шаарындагы Чэтэм-хаус деп аталган изилдөө борборунун кызматкери Юрий Федоров.

2006-жылы Орусия Казакстандан жети жарым миллиард куб метр газ алган, бирок Казакстан аймагы аркылуу Орусияга Өзбекстандан тогуз жана Түркмөнстандан 39 миллиард куб метр газ келген. Быйыл болсо Борбор Азиядан Орусия бардыгы болуп 56 миллиард кубка жакын газ алат. Эң негизгиси болсо, - бул газдын баасы дүйнөлүк баадан алда канча арзан болгонунда жана Орусия өзү Европага жаратылыш газын андан 2-3 эсе кымбат сатып жатканында.

Батыш мамлекеттери азыр Каспий деңизи аркылуу "Набукко" деп аталган каз куурун жаткырып, түркмөн газын Кавказ жана Түркия аркылуу Австрияга чейин жеткирүү планы үстүндө иштеп жатат, өткөн аптада Ашгабадка америкалык "Шеврон" компаниясынын өкүлдөрү келип, президент Гурбангули Бердымухамедов менен сүйлөшүү өткөрүп кетти.

Орусиянын өндүрүш жана кубат министринин орун басары Андрей Реустун айтымында, Путиндин сапары учурунда - Каспий деңизин айлантып жаткырган жаңы газ кууру аркылуу Орусияга кошумча жаратылыш газын жиберүү долбоору да каралат, бирок ал планды - Батыш тараптан сунушталып жаткан "Набукко" долбооруна каршы багытталган аракет деп баалабаш керек.

Путиндин сапары учурунда Казакстан менен бардыгы болуп жети келишим түзүлүүгө тийиш, алардын негизгиси - уран байытуу боюнча биргелешкен илимий борбор түзүү менен байланышкан. Ал борбор Орусиянын Ангарск шаарында курулат жана анда өндүрүлгөн уран дүйнөнүн башка мамлекеттерине сатылат, ошондуктан Иран сыяктуу мамлекеттер уранды өздөрү байыткандын кажети жок болуп чыгууга тийиш.

Дүйнөдө азыр эң көп уран Австралияда байытып-өндүрүлөт, Казакстан болсо экинчи орунда, бирок америкалык "Вашингтон таймс" гезити 9-май күнү жазганга караганда, бир нече жылдын ичинде Казакстан биринчи орунга чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG