Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

КУМТӨР КЕНИНЕ БАРЧУ ЖОЛДУ ТОСКОНДОРДУН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Кумтөр кенинин айланасында чатак кайрадан ырбады. Кенге жакын жайгашкан Жетиөгүз, Тоң районунун тургундары кайрадан жол тосуп, Камекого тиешелүү автоунааларды Кумтөргө өткөрбөй турушат. Жол тосуучуларды Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиевдин колдошу, ошол эле мезгилде өкмөттүн Камеко менен “Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүүсү жана парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында канадалыктарга оң баа берилбеши Камеконун өкүлдөрүн катуу тынчсыздандырууда.

Кыргызстан коомчулугу Камеко корпорациясы менен 1993-жылы түзүлгөн келишимге алгачкы убактарда шектүү карап, аягында «бизди алдап кетти» деген ынанымга келип олтурат. Бул ойду Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов башында турган алтын кендери боюнча депутаттык комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн алгачкы жыйынтыктарында ого бетер бекемдөөдө.

Камеко муну кайсы бир деңгээлде мойнуна алып, кыргыз өкмөтү менен 2003-жылдын 31-декабрындагы «Центерраны» түзүү боюнча келишимди кайра карап чыгууга макул болуп, сүйлөшүүлөргө отурууда. Мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов канадалыктар менен бул маселе боюнча февраль, март айларында Москвада, Стамбулда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок кыргыз өкмөтү анын жыйынтыгына ыраазы боло берген эмес.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Владимир Зубков сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын максатын мындайча билдирген:

"Кыска айтканда, биз Кумтөрдөн көбүрөөк пайда алышты каалап жатабыз. Андан башка азыр эчтеке айта албаймын. Анткени сүйлөшүүлөр соңуна чыга элек".

Владимир Зубковдун маалыматына караганда, Камеко менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсү май айынын орто ченинде уланатылат.

Мына ушундай кырдаалда Жетиөгүз жана Тоң районунун бир катар айылдарынын тургундарынын 4-майдан бери Кумтөргө баруучу жолду тосуусу бул ишке өкмөт, парламенттин тиешеси бар, бери болгондо кызыкдар деген пикирлер да чыгууда. Муну депутат Арслан Малиевдин жол тосуучуларды колдоп жүрүүсү да ырастагандай. Анын үстүнө парламент Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алган.

Бирок жол тоскондордун арасында жүргөн «Карек» өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Эркингүл ИманКожоева мындай пикир чындыктан алыс дейт:

"Алтын комиссиясы түзүлгөнүн, анын башында Болот Шерниязов башында турганын билебиз. Бирок алардын иши боюнча бизде маалымат жок. Өкмөттү биздин акцияга кошууга болбойт. Анткени элдер баягы макулдашуу боюнча баарын түшүнүп, окмуштуу болуп бүтүштү. Эл билбейт, маалыматы жок дегенге болбойт".

Бирок Кумтөр боюнча Камеко менен Кыргызстандын чыры, териштирүүлөрү али алдыда болчудай. Анткени Кумтөр баш болгон алтын кендери боюнча депутаттык комиссия өз иликтөөсүн аяктап, жарыя кылуунун алдында турат. Анын жыйынтыгы Камеко үчүн оңтойлуу болбосу мурдараак эле айкын болгон. Парламенттеги маанайга байланыштуу өкмөт да Камеко менен сүйлөшүүдө бекем позицияда болууга аргасыз болот.

Өкмөттүн маалыматы боюнча Кумтөрдө дагы 731 тонна алтын бар. Аны 2026-жылга чейин иштетүүгө болот. 1997-жылдан бери канадалыктар Кумтөрдөн 181 тонна алтын казып алышкан. Камеко менен алгачкы келишимге ылайык кенде Кыргызстандын 70% жакын үлүшү болгон. Бирок 2003-жылдын 31-декабрындагы келишимге ылайык Кыргызстандын үлүшү 33% болуп калган. Бул келишимди алтын комиссиясынын мүчөлөрү көз боемочулук катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG