Түркиянын азыр күчүндөгү Конституциясына ылайык, өлкө президенти парламент тарабынан шайланышы керек. Бирок быйылкы шайлоо саясий кризис жана демонстрациялар менен коштолгону белгилүү. Түркиянын секуялардык күчтөрү, парламенттеги оппозиция жана алардын жактоочулары бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынын талапкери президент болуп шайланып калышына караманча каршы чыгышты. Алар аталган партиянын тамыры исламчылардан чыккандыктан, мамлекеттик түзүлүштүн секулярдык принциптерине каршы келет деп эсептешет.
Президенттикке оболу мына ушул партиянын лидери, премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган талапкер болору сөз болгон, бирок акырында тышкы иштер министри Абдулла Гүл көргөзүлдү. Анткен менен парламенттеги секулярдык оппозиция президентти шайлоо боюнча добуш берүүнү эки ирээт бойкоттоп, катышпай койду. Андан улам Абдулла Гүл 6-майда талапкерликтен баш тартууга мажбур болду.
Буга чейин Түркиянын Конституциялык соту да оппозициянын арыздануусунун негизинде парламенттеги шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын кворум жетишпегендигине негиздөө менен жараксыз деп тапкан эле жана андан аркы чечимди кабыл алууну кайра парламентке жолдогон. Ушундай кийин премьер- министр Режеп Эрдоган мөөнөтсүз парламенттик шайлоо жарыялоону сунуш кылды. Учурда аны июль айында өткөрүү маселеси каралууда.
Ал эми Конституциялык реформанын автору да - бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы. Ага ылайык, президент парламент эмес жалпы элдик добуш берүү аркылуу шайланмакчы. Мурда бир иээт жети жылга гана шайланса, эми ал өзгөртүүлөргө ылайык беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Ага катар парламенттин иштөө мөөнөтүн 5 жылдан 4 жылга түшүрүү сунуш кылынууда. Мына ушундай өзгөтүүлөрдү ушул дүйшөмбүдө түрк парламенти биринчи окуудан жактырды. Анткен менен бул өзгөртүүлөрдүн толук ишке ашуусунан күмөнсүнгөндөр да бар.
- Бул парламент бүгүн эмне жазабасын легитимдүүлгү күмөн туудурат. Албетте, эгер алар бул конституциялык өзгөртүүлөрдү өткөрүүгө жетишип, президент үчүн калктын добуш берүүсүнө жол ачса жана эл "Адилетүүлүк жана Өнүгүү"( AK) партиясынын президенти үчүн добуш берсе, бул жерде атүгүл аскерий төңкөрүш болушу мүмкүн экендигин айтып жаткан аналитиктер арбын,- дейт Амберин Заман, британдык "Экономист" журналынын Түркия боюнча кабарчысы.
Түркиянын соңку 50 жылдык тарыхында армия кызматтагы өкмөттү төрт ирээт бийликтен четтеткен. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр мыйзамдык күчкө ээ болуш үчүн эми экинчи окууда парламенттеги 550 депутаттын үчтөн экиси жактап, президент кол коюшу абзел. Ал эми долбоордун автору, бийликтеги "Адилетүүлүк жана Өнүгүү " партиясынын парламенттеги орундарынын саны 350 эле.
Түркияда президенттин ыйгшарым укуктары чектелүү, бирок мыйзамдарга вето сала алат. Айрым эксперттер азыркы президент Ахмед Неджет Сезер же соттор президентти тикелей шайлоону караган жобого тоскоолдук кылышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Авторлордун пикиринде, реформа Түркияны демократиялаштырууну көздөйт, ал эми сынчылар жакшы ойлонулбаганын, бийлик бутактарынын Конституциядагы тең салмактуулугуна шек келтириши мүмкүн экенин айтышуда.