“Бүгүнкү күнү өлкөдө жалаң эле митинг-пикеттер орун алып, жашообуздун жаркын жагы унутта калып баратат. Бирок мындан бөлөк, ары кызыктуу, ары пайдалуу нерселер да бар. Биздин журнал мына ушулар тууралу баяндамакчы”, -дейт жаңы журналдын баш-редактору Бермет Турдуниязова. Мода жана стиль, дуйнөдөгү авторынок жаатындагы соңку малыматтар, суулулуктун сырларын үйрөтүүчү басылманын нускасы беш миң. Баасы 80 сом. Журнал көркөм түстүү. Анда кыргыздын айпери жана мырзаларынын сүрөттөрү берилген. (ElenK)