Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

ТОНИ БЛЭР КАНДАЙ МУРАС КАЛТЫРАТ?


Британиянын премьер-министри Тони Блэр эмдиги айдын этегинде лейбористтер партиясынын лидерлигинен кетет. Кечээ Сежфилд шаарында бул чечимин жарыялап жатып, Блэр мындан он жыл илгери премьер-министрлик кызматка чоң үмүттөр менен киришкенин жана эми ошондой эле үмүттөр менен кетип жатканын билдирди.

Тони Блэрдин саясий жолу Сежфилдден башталган, ушу жерден биринчи ирет британ парламентине мүчө болгон. Саясий ишмердигин да ал ушу жерде аяктоону чечти. “Он жылдан ашуун премьер-министр болдум, - деп айтты ал өз сөзүндө. – Азыркы дүйнөдө бул жеке мен үчүн да, андан да маанилүүсү - өлкө үчүн да бир топ узак мөөнөт. Бийликтин тартуу күчүнөн арылуу үчүн кээде бир гана амал калат - андан кетүү керек болот”.

Блэр соңку он жылда өлкө эмнеге жетишкенин да санжаптап санап өттү. Жумушчу орундар көбөйдү, саламаттык сактоо жана билим берүү системасы мыкты иштей баштады, кылмыштуулук кыскарды,экономика такай өсүп баратат.”1945-жылдан бери мындай көрсөткүчкө жетишкен бир гана өкмөт – лейбористтердин азыркы өкмөтү болду”, - деп белгиледи Блэр.

Өкмөттү он жыл башкарып, Блэр чын эле олуттуу көп реформаларга демилгечи болду. Англиянын мамлекеттик банкына үстөк проценттерди өзү билип белгилегенге укук берди, Шотландия менен Уэльсте регионалдык өкмөттөр түзүлдү. Мындан тогуз жылдай илгери Түндүк Ирландиядагы жаңжалды басканга чыйыр салынды, жакында эле Белфаста протестанттар менен католиктер биргелешип өкмөт курашты,жергиликтүү парламент кайра иштей баштады.

Блэрдин дагы бир жетишкендиги деп байкоочулар британиялык социализмдин табиятын өзгөртүп, анын жаңы түрүн – “үчүнчү жол” деп аталган идеологияны түзгөнүн аташат. Лейбористтер социалисттик айрым асылнарктарга берилген бойдон калышты, бирок социализмдин экономикалык механизмдерин рынок принциптери менен алмаштырышты.

Лейбористтер он жыл ичинде кризистерге да туш болушту. Бирок Блэрдин саясий кендерин Ирактагы согуш кести. Британиялыктар башынан эле бул кампанияга каршы чыгып, демонстрацияларды өткөрүшкөн. 2005-жылы Лондон метросундагы террордук балааматтан соң бул маанай ого бетер бекемделди. Ирак маселесине кайрылып, британдыктардан Блэр бир нерсени кабыл алууну өтүндү.”Колумду жүрөгүмө коюп айталам: эмнени туура деп ойлосом,ошону жасадым”,- деп айтты Блэр. Ал ошондой эле жаңылып-жазган иштери болсо,анысы үчүн кечирим сурады.

Блэрдин чечимин комментариялап, Ирактагы окуялар калктын ишенимин азайтканы менен Блэрдин чынчылдыгынан,ак ниеттүүлүгүнөн эч ким шек кыла албайт, деп айтты Израилдин премьер-министринин орунбасары Шимон Перес. Япониянын премьер-министри Синдзё Абе соңку он жылда Блэр өзгөчө экономикада жана билим берүү тармагында олуттуу ийгиликтерге жеткенин,өз элинин чоң колдоосуна таянган премьер болгонун белгиледи. Европа комиссиясынын башчысы Жозе Мануэл Баррозу да континенттеги иштерге кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирди. Ошол эле учурда Блэр Европаны Британияга жакындата алганын, бирок европалык маанилүү бир катар маселелерде британдыктардын ой-пикирин өзгөртө албаганын кошумчалады.

Байкоочулар бийликтен кеткен соң Блэр Жакынкы Чыгышта атайын өкүлдүккө дайындалышы ыктымал, болбосо китеп жазып, лекция окуп,бир-эки жылда эле миллионер болуп кетиши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG