Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

11-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Г. Гасфард 1852-жылдын 11-майында Ормон ханга Или дарыясынын боюна көчүп жактырган. Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1926-жылдын 11-май күнкү чечимине ылайык, Пишпек шаары Фрунзе аталышына өзгөртүлгөн.

Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Г. Гасфард Ормон ханга Или дарыясынын боюна көчүп келишине уруксат берүү өтүнүчү менен 1852-жылдын 11-майында Россия Тыш иштер министрдигинин Азия департаментине кайрылган.

Кайрылууда Ормон ханга жасалчу мындай ырайым, анын казак султаны Кененсары Касымовду жоготкондугунун урматына көрсөтүлөт деп белгиленет. Мындан тышкаары бу жердин кыргыздарга берилиши бир ары, империя кызыкчылыгына дал келсе, экинчи жагынан, кыргыздарды өзүбүзгө тартып, жакындатуу максатын көздөйт деп айтылат аталган кайрылууда.

1918-жылдын бу күндөрү Сузак, Карасуу, Жалалабад участкаларында эмгекчилердин «Кызыл ай», «Айкап» аталган коомдук уюмдары түзүлгөн.
Аялдардын тең укуктуулугун орнотуу үчүн жүргөн кыймыл 1926-жылдын бу күндөрү Фрунзе шаарында башталган. Адамзаттын ажайып өкүлдөрү Фрунзе округунда орун алып келген теңсиздикти жоюш үчүн чечкиндүү аракет көрүүгө өтүштү. Адегенде, алар «тоок куш эмес, аял адам эмес» деген эркектердин айыбын ашкерелешип, аялдарды коомдук, саясий турмушка тартып, жетекчи кызматтарга көтөрүү демилгесин ташташты.

В. И. Лениндин Кызыл армияга орус эмес калктардын өкүлдөрүн чакыруу жардыгына жараша 1920-жылдын бу күндөрү Кыргызстан аймагында аскерге алуу жана атчандар кавалериясын түзүү боюнча агитация иштери жүргүзүлүп атты.
Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1926-жылдын 11-май күнкү чечимине ылайык, Пишпек шаары Фрунзе аталышына өзгөртүлгөн.

Советтер Союзу менен Япония ортосунда согуш 1939-жылдын бу күнү башталган. Халхин Гол үчүн согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, эрдик көрсөтүшкөн.

Кыргызстан борбору Фрунзе шаарына жаңы технологиялык жаңылык 1976-жылдын бу күндөрү келди. «Кыргызстан» мейманканасынын так чокусуна жүгүртмө жарнак орнотулуп, анда республикада жана Фрунзе шаарында болгон жаңылык, жардыктар жарыяланып турган.

Бишкек шаарында биринчи жолу «Кыргызстан-99» аталган эларалык жарманке 1999-жылдын бу күнү ачылды. Жарманкеге Кыргызстандын ишканалары жана чет элдик ишканалардын продукциялары көргөзүлүп, ишкерлер арасында байланыштын жаралышына өбөлгө түзүлгөн.

Бу күнү, теңдешсиз испан сүрөтчүсү Сальвадор Дали, кыргызстандык акын Якуб Земляк жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG