Учурда Америка кошмо штаттарынын калкынын алты миллионго жакыны мусулмандар. Эгер мурда ислам дини каралар арасында гана тараган болсо, акыркы мезгилде АКШга Балкан жарым аралынан, Борбор Азиядан, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Индиядан көп иммигрант келе баштады. Алар негизинен Калифорния, Мичиган, Техас, Виржиния жана Нью-Йорк штаттарында отурукташат.
Өлкөнүн мусулман коомчулугу жөнүндө акыркы мезгилде илимий изилдөөлөр да көп жүргүзүлө баштады жана илимпооз менен башка эксперттер жергиликтүү бийликтер менен ишкерлерге өз сунуштарын айтып, мусулмандарды америкалык турмушка көбүрөөк жана тереңирээк катыштырууга аракеттенүүдө.
Мисал үчүн Мичиган штатындагы Детройт шаарынын алдындагы "Макдоналдс" ресторанында исламдык шарттар менен даярдалган тоок эти сатыла башталгандан кийин, ресторандын кирешеси өткөн күздө дароо 200 пайызга көтөрүлдү, анткени ал аймакта абдан көп мусулман жашайт. Ага чейин болсо алар ресторанга келгенде балыктан башка эч нерсе алчу эмес. Ошол эле штаттагы Диаборн деген шаардагы ИКЕА деген ири дүкөндө акыркы мезгилде хижабдар сатыла баштады, азык-түлүк дүкөндөрүндө болсо арам эмес эт жана башка тамак пайда болду.
Ишкерлер үчүн мындай аракеттер өтө маанилүү, анткени акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, америкалык мусулмандардын колунда азыр көп акча топтолгон жана алардын билими орто америкалык деңгээлден жогору: "Америкалык мусулмандардын колунда азыр 170 миллиард доллар бар, бул абдан чоң күч жана мусулмандар АКШдагы керектөөчү топтордун күчтүүлөрүнүн бири. Андан тышкары алар билимдүү адамдар, алардын деңгээли жөнөкөй америкалыктардыкынан жогору", - дейт JWT деген реклама компаниясынын маркетинг боюнча башчысы Мариан Зальцман.
Башка бир эксперт, Диаборн шаарындагы Араб соода борборунун жетекчиси Нассер Бейдундун айтымында, керектөөчүлүк жагынан алганда, мусулмандар консерваторлор, эгер аларга дүкөндө бир нерсе жакпай калса, алар ага башка баш бакпай коюшу мүмкүн: "Алардын мамилеси консерваторлук. Эгер сиз бир нерсени билбей жасап алсаңыз, алардын намысына тийиш өтө оңой. Ошондуктан мусулмандар арасында ишкерлик кылуу жана аларга бир нерсе сатуу оңой эмес. Алар арасында жаңылыктар да өтө ылдам тарайт, жаман кабар болсо аларга андан да ылдам жетет", - дейт Бейдун.
Анткен менен мусулмандарды америкалык тиричиликке кошуу аракеттери улам кеңейип баратат жана, мисал үчүн, банк ишине дагы көбүрөөк мусулман керектөөчү тартыш үчүн айрым банктарда шариат эрежелерин колдонуу мүмкүнчүлүгү караштырылууда. Шариат боюнча болсо, насыя берген банктар сүт акы албаш керек. Сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн рекламада дагы мусулмандар көбүрөөк тартыла баштады.