Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ЖАРЫШ: ОРТО ЖОЛДОН КЫТАЙ ОЛЖО ТАБЫШЫ МҮМКҮН


Россия – Европанын эң башкы энергетикалык жабдыгери - өз ролун ого бетер бекемдегиси келет. Батыш Европа болсо орустардын монополиясынан кооптонуп, Каспийдеги жана Борборазиядагы булактарга көз карандысыз жол салууну көздөйт. Бул атаандаштыкка Россия аркылуу европалык рынокко чыгуунун долбоорун талкуулашкан орус,казак жана түркмөн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жаңы тамызгы таштады.

Орус,казак жана түркмөн президенттеринин жолугушуусуна катарлаш Польшанын Краков шаарында дагы бир энергетикалык саммит ачылды. Ага азери, грузин жана украин президенттери менен бирге казак лидери да чакырылган эле, бирок Нурсултан Назарбаев келген жок. Ишемби күнү ал Каспий кылаасына жакын Түркмөнбашы шаарында үч тараптуу жолугушууга катышты. Бул жерде Путин, Назарбаев жана Бердымухаммедов өздөрүнчө энергетикалык союз түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мунун алдында Астанада бир нече келишимге кол коюлуп, Казакстан өз карамайы менен газынын түгөл баарын болбосо да көпчүлүк бөлүгүн Россия аркылуу Европага экспорттой турганын тастыктады. Айрым аналитиктер ушунун өзү эле Москванын чоң утугу болду деп баалашты.

Бакудагы иликтөө борборунун башчысы Илхам Шабан энергетикалык коопсуздук проблемасы пайда болгондон бери Европа Каспий алабында эч кандай чараларды көрө электигин белгиледи. Ал эми Россия болсо кеңири чөйрөлөрдө активдүү аракеттерге өтө баштады. Бакулук эксперттин айтымында, Путиндин аймактагы алты күндүк сапары ушундай кадамдардын маанилүүсү болду.

Польшада чыгуучу жалпы улуттук Dziennik гезити орус президентинин казак, түркмөн жериндеги сапарын жана Краковдогу саммитти комментариялап, Варшаванын антироссиялык альянс түзүү планын Москва ташкаптырганын жазып чыкты. Башка бир эксперттер болсо европалык өкмөттөр отундун алтернативдүү булактарын Жакынкы Чыгыш менен Африкадан издеп, кыйла кымбат турса да орустардын көзүн карагандан көрө ошо жактан тартып келгенге даяр экенин айтышат. Ал эми энергетикалык иликтөөлөр боюнча Лондондогу борбордун аналитиги Жулиан Ли бу маселеде атаандаштыктан бардык тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкка өтүүнү сунуш кылат. Европа ар дайым Россия, андан мурда Советтер Союзу үчүн энергия экспортунун башкы рыногу болгон, дейт ал. Иш жүзүндө орустардын бардык экспорт инфраструктурасы Россиядан Батышка мунай жана газ ташуу үчүн курулган. Андыктан Россия Европага эмес, Европа Россияга алда канча маанилүү.

Россия менен Европанын Борборазиядагы атаандаштыгында үчүнчү оюнчунун – Кытайдын таасири көп ишти чаташтырып сала алат. Кытай азыр региондун өзүнөн табигый отунду тикелей куурлар аркылуу тартып алганга дама кылууда. Россиянын Казакстан жана Түркмөнстан менен энергетикалык альянс түзүү аракетинде Кытайдын ушул пландарын үзгүлтүккө учуратуу мүдөөсү бар экени да талашсыз, дейт Ли.

XS
SM
MD
LG