Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

МОСКВАДАГЫ ӨЗБЕК ЭЛЧИЛИГИ АЛДЫНДА ПИКЕТ ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва 12-майда, Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин алдында 10 чакты адамдын катышуусунда Анжиян окуяларынын эки жылдыгына карата чакан пикет өттү. Аны Орусияда жашаган өзбекстандык саясий эмигранттар менен орусиялык укук коргоочулар уюштурушкан.

Өзбекстандын Москвадагы элчилигинин имараты кыргыз элчилигинен алыс эмес жерге жайгашкан. Бүгүн, анын маңдайында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн өңдүү. Элчиликтин эшигин милиция менен ОМОНдун 10 чакты кызматкери кайтарып турат. Көчөнүн аркы бетинде болсо дагы 10 чакты адам өзбек бийликтерин, президентти айыптаган плакаттарды көтөрүп турат. Пикетти уюштурган өзбекстандык оппозицинер Бахром Хамроевди мен былтыр да ушул эле жердеги пикетте көргөн элем. «Былтыркы максатыбызга дагы эле жетише элекпиз», - дейт ал.

- Жалпы эле максатыбыз – Орусияны жана дүйнөлүк өлкөлөрдү өзбек бийликтерине карата мамилелерин өзгөртүүгө чакыруу болуп жатат. Каримов режими канчалык диктаторлошуп кеткенине карабай, бүгүн Орусия да, башка мамлекеттер да ага жакшы мамилесинен тайыша элек. Биз муну такыр кабыл ала албайбыз. Дүйнө Анжиян окуяларынын чын-төгүнүн жакшыраак иликтеп албаса, күмөн саноо да кала берет, ишенбөөчүлүк өсөт. Ошон үчүн башка мамлекеттер Ташкенге талапты күчөтүшү зарыл. Өзбек бийликтери көз-карандысыз иликтөө жүргүзүүгө уруксат бербей жатышканынын өзү алардын Анжиян окуяларында куралсыз элге, бейкүнөө демонстранттарга каршы ок чыгарышканын айгинилейт, - деди оппозиционер Бахром Хамроев.

Пикетке чыккандар «Өзбекстанда саясий себептер менен камакка алынгандарга эркиндик!», «Өзбек диктаторун сотко!», «Анжиян окуяларына көз-карандысыз иликтөөлөрдү талап кылабыз!», «Путин, сенин досуң Каримов – адам өлтүргүч!» деген өңдүү лозунгдарды көтөрүп турушту.

Пикетчилердин арасында Москвадагы «Мемориал» адам укуктарын коргоо борборунун Орто Азия боюнча программасынын директору Виталий Пономарев да турган экен. Пономаревдун айтымында, көпчүлүк адамдар бүгүн пикетке чыгуудан коркушту. Андан сырткары, Орусиядагы өзбекстандык качкындардын басымдуу бөлүгү европалык мамлекеттерге кетип калышкан. Ал эми азырга чейин бул жакта калып жаткандары бүгүн оор абалда.

- Орусияда качкындар тууралуу атайын мыйзам бар экенине, өлкө өзү көптөгөн эларалык конвенцияларга да кол койгонуна карабай, бул жерде саясий себептер менен башпаанек издеп келгендерди куугунттуктоо улантылууда. Ар кайсыл шаарларда жашаган саясий эмигранттар аябай оор абалда, аларды кайсыл убакта болбосун, кармап, анан бир топ кылмыштар боюнча айыптап туруп, орусиялык укук коргоо органдары өзбек бийликтерине өткөрүп бериши мүмкүн. Мындай окуялар болгон. Башкача, айтканда, эки мамлекеттин атайын кызматтары ортосунда соода жүрүп жатат. Ал кызматтардын айрым өкүлдөрү ушул иштин аркасынан мансабын арттырып жатышпайбы, - дейт Виталий Пономарев.

Бир саатка созулган пикет учурунда анын катышуучулары журналисттер менен гана баарлашты окшойт. Алардын алдына өзбек элчилигинен эч ким чыккан жок. Лозунг көтөрүп тургандардын бири айткандай, өзбек элчилигинин кызматкерлери эч качан пикеттерде элге чыгып сүйлөшпөйт. «Андыктан алардан эч нерсени деле күтпөйбүз», - дейт ал.

2005-жылдагы Анжиян окуялары боюнча эки башка версия айтылып жүрөт. Адам укугун коргоочулар менен окуяга күбө болгон айрым жөнөкөй өзбекстандыктардын айтымында, анда жөн эле демонстрацияга чыккан элге каршы өзбек армиясы ок чыгарып, жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн. Бирок расмий бийликтер муну четке кагышууда. Ташкен ал окуялар куралдуу экстремисттердин айынан тутанып, жыйынтыгында 200дөй киши өлгөнүн, болгондо да, алардын көпчүлүгү козголоңчулар болгонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG