Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов добуш берүүнүн экинчи айлампасында жалпысынан шайлоочулардын 58,7 пайызы катышкандыгын билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Осмонаалы Аттокуров 50,2 пайыз менен жеңишке жетишсе, анын атаандашы Раушан Сабиров 48,8 пайыз шайлоочулардын добушун алды.
Байкоочулардын бири Анипа Эшкожоева шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгиледи:
- Кыргызтандын келечеги жок. Акчага сатып алып жатат. Элдер акча дейт экен. Акча берсе ошого карап кете беришет экен да, - дейт Анипа Эшкожоева.
Отузадыр шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн экинчи айлампасына чыгышкан талапкерлер Осмонаалы Аттокуровдун жана Раушан Сабировдун жактоочулары алгач Навои, Гагарин шайлоо участокторунда эки жаат болуп чогулушуп, тирешүүгө чейин барышты.
- Эртең менен саат тогуздан онго чейин жергиликтүү аялдар чууну чыгарып жиберишти. Ага чейин баары тынч болуп, шайлоо жакшы жүрүп жаткан. Баардык нерсени ушул аялдар уюштуруп жиберишти, - дейт көз каранды эмес талдоочу Карабай Келсинбеков.
Эки тараптуу тирешүү курчуп бара жаткан учурда милиция кызматкерлери келишип, кырдаалды жөнгө салууга үлгүрүп калышты. Болуп өткөн окуяга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Урайым Ташиев мындайча баа берди:
- Жактоочулардын арасында анча-мынча тирешүү, бири-бирине сөз айтуу болот экен. Биз эми ага анча кийлигише албайбыз. Ал эми коомдук тартипти бузгандарга эч кандай жол бербейбиз. Бизде күч жетишерлик. Менин оюмча шайлоо жакшынакай өтөт деп эсептейм, - деди Урайым Ташиев.