Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

М.ЭШИМКАНОВ: МИТИНГДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫН КУУГУНТУКТОО ТОКТОБОЙ ЖАТАТ


Өткөн айдагы митингдин катышуучуларын укук коргоо органдары тарабынан куугунтуктоо уланууда, деп билдирди парламент отурумунда депутат Мелис Эшимканов. Анын айтымында, шаардын Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы өткөн айдагы митингге байланыштырып, төрт млн. сомго жакын каражатты Ички иштер кызматынын эмгек акысы деп чегерип аны Субаналиевден төлөтүп алуу аракетин көрүшүүдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасынын билдиргенине караганда бул иш мыйзамдын чегинде териштирилип, сотко ашырылган. Өмүрбек Субаналиевдин үстүнөн сот жараяны 16-майда болуусу күтүлүүдө.

Парламент депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, апрель митингисинен кийин премьер-министр Алмаз Атамбаев менен президенттин администрациясынын башчысы Медет Садыркулов бийлик тарабынан оппозиция куугунтукка алынбастыгын убада кылышып, тынчтыкка чакырган. "Тилекке каршы укук коргоо органдары тарабынан митингдин катышуучуларын куугунтуктоо уланууда",- дейт Эшимканов.

Ал эми депутат Жусуп Иманалиев болсо, митингге катышкан Талас облусунун тургуну Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин абагында камоодо жатканына тынчсызданды.

- 19-апрелде болгон митингде жөн жүргөн бирөөлөрдү ошол митингге катышты деп камап жатышат. Сөзүм калп болбошу үчүн мындай бир фактыны айтайын. Акназаров Эркин Усупович деген Таластан келген экен. Мына бүгүн жыйырма күндөй болуптур улуттук коопсуздук комитетинин абагында жатканына. Өткөндө Феликс Кулов мени камап калгандарын бошоткула дебеди беле. Мына укук коргоо органдары «киттерге» тийбей, бей-бечара адамдарды камап, суракка алып жатышат, -деди Жусуп Иманалиев.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев дагы апрель митингисине катышкан делип бейкүнөө айрым атуулдар укук коргоо органдары тарабынан камалып, суракка чакырылып, психологиялык кысымга алынып жатканына нааразы болду. Алиев бириккен фронттун мүчөсү Виталий Искаков да Өмүрбек Субаналиев менен чогуу айыпталып жатканын билдирди.

Ал эми депутат Мелис Эшимканов болсо «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун штабын жетектеген Өмүрбек Субаналиевге коюлуп жаткан айыптарды "акылга сыйбаган жорук" катары баалады.

- 16-майда Өмүрбек Субаналиевге каршы сот жараяны болгону жатат. Ага шаардын Биринчи май райондук администрациясы төрт млн. сом айып коюптур. Биз өкмөт башчы Алмаз Атамбаев, шаар башчысы Арстанбек Ногоев менен сүйлөшкөндө башкча сүйлөштүк эле. Койгондо дагы ошол 4 млн. сомду апрелде аянтта турган милициялардын айлык акысы деп коюшуптур. Милициялар биздин салыктын эсебинен жашайт да. Менин таң калганым эмне үчүн Өмүрбек Субаналиев «крайний» болуп жатат. Эмне үчүн бул жерде Кулов жок. Байболов, Эшимканов, Текебаев жок. Демек бул жерде бийликтин бир жактуу туура эмес саясаты болуп жатат. Эртең өз башына кайра-кайтып тие турган нерсеси болуп жатат.

Эшимканов ошондой эле өзү жетектеген «Агым» гезитин жамааты менен сүйлөшүп,базар экономикасынын шартына жараша аталган гезитти башка акчалуу бизнесмендерге сатаарын жарыялады.

Бишкек шаардык прокуратурасынын жалпы көзөмөлдөө бөлүмүнөн Өмүрбек Субаналиевге байланыштуу тергеп-иликтөө иштери мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп, сотко ашырылганын билдиришти. Шаардын прокурору Айбек Турганбаев кеңешме өткөрүп, жумушунан колу бошобогондугунан бул маселе боюнча көзмө-көз отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG