Грузиядагы саясый кырдаал “түстүү ынкылапты” баштан кечирген Кыргызстан менен Украинадагыга караганда бир кыйла туруктуу. Бирок Нино Буржанадзе демократияны анархия менен чатыштырбаш керек экенин айтып, мындай деди:
- Украинада болгон чатактын демократияга тиешеси жок. Адамдар бир топтон экинчи топко өтүп кетишкени баарыбызга маалым. Украин саясатчыларына бир топту экинчи топко алмаштыруусу үчүн өтө чоң суммадагы акча сунуш кылынганын алар өздөрү мойнуна алышканын ырастаган маалыматтар бар.
Буржанадзе айымдын сөзүнчө, Түштүк Кавказ өлкөлөрү азыр бирдиктүү саясат жүргүзөт деп айтууга али эрте жана мүмкүн да эмес. Бирок, алар түрдүү багытта үзүрлүү кызматташууда жана региондогу талаштуу чатактарды чогуу чечип алышса, жакшы болмок:
Эгер Түштүк Кавказдагы чатакты ийгиликтүү жөндөп алсак, чоң иш болмок… Бирок, буга өзүнүн саясый таасирин жоготууну каалбаган биздин түндүктөгү коңшубуз кызыкдар эмес.
Грузин парламентинин төрайымы былтыр күздө Тбилисиде россиялык эки офицер шпиондук кылды деп камакка алынганда ошол эле түндүктөгү коңшу- Россиянын Грузияны кысмакка алуусу жөнүндөгү суроого:
-21- кылымда балдардын грузин болгону үчүн мектепке киргизилбейт деп эч качан ойлогон эмесмин. Алардын цивилизациясыз жана күтүүсүз жолду тандап алганы биз үчүн коркунучтуу болду.
Нино Буржанадзе ырасмий Тбилиси Москва менен диалогго жана нормалдуу мамиле курууга даяр экенине токтолуп:
- Бирок, нормалдуу байланыш өз ара урматтоого жана тең укуктуулукка негизделиш керек. Россия үчүн Грузияга кам көрүү- бул Грузияга бейтарап болууну же НАТОго кошулбоону, болбосо Санакоев же Кокойту менен өз жеринде сүйлөшүп-сүйлөшпөөнү таңуулоо. Бир да өлкө экинчи өлкө үчүн чечим кабыл албаш керек. Грузия кайсы бир өлкө ага мындай мамиле кылгандай алсыз эмес.
Дмитрий Санакоев- Түштүк Осетиянын альтернативдүү лидери. Аны Түштүк Осетиянын тбилисичил калкы мартта болгон шайлоодо москвачыл Эдуард Кокойтуга альтернативдүү лидер кылып шайлашкан.