Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:01

ООГАН-ПАКИСТАН ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КАГЫЛЫШУУ УЛАНУУДА


Ооган-Пакистан чек арасындагы кагылышууда дүйшөмбү күнү кеминде бир америкалык жана бир пакистандык жоокер окко учту. Бирок, Ооган жана Пакистан тарап 14- майдагы куралдуу калаба жөнүндө эки башка маалымат берүүдө. Президент Хамид Карзай чек арадагы куралдуу кагылышууну айыптады жана аны иликтөө үчүн атайын комиссияны жөнөттү.

Ооган- Пакистан чек арасында дүйшөмбү күнү болгон айкаш жөнүндө карама- каршылыктуу маалыматтар келип түшүүдө. Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Захир Азиминин билдиришинче, пакистандык офицер Пакистандын Куррам уруусунун ээлигиндеги аймакта чекарачылардын сүйлөшүүсүнө арачылык кылып жаткан америкалык эки жоокерди атып салып, дагы экөөнү жарадар кылган. Америкалыктар каршы аткан октон, Азиминин сөзүнчө, пакистандык бир нече жоокер курман болгон.

Пакистан армиясынын өкүлү, генерал- майор Вахид Аршад Ооган тараптын маалыматын калпка чыгарды. Анын айтымында, америкалык жана пакистандык жоокер согушчандардын огуна кабылып, ажал тапкан. “Ошондой эле согушчандар америкалык эки жана пакистандык эки аскерди жарадар кылды. Пакистандык аскерлер атышууга катышпады” деп билдирди Аршад.

АКШлык аскерий жетекчилик чекарадагы куралдуу калаба иликтенип жатканын кабарлады. “Эркин Ооганстан” радиосунун кабарчысы Ооган- Пакистан чекарасындагы соңку чатакта Пактия провинциясынын губернатору Рахматулла Рахмат менен анын тилмечи жараат алышканын маалымдады.

Рахмат дүйшөмбү күнү эртең менен Ооган- Пакистан чекарасында 13-майдан бери жүрүп жаткан аткылашууларда 41 ооган өлүп же жарадар болгонун “Азаттыкка” билдирген:

- Пакистандык күчтөр биздин өңүттөрүбүздү артиллериядан аткылап, чек ара бекеттерибизге коркунуч туудурууда. Алардын артиллериясы биздин кыштактарыбызга, ооруканаларыбызга, мектептерибизге зыян келтирди, эл да көп жабыр тартууда. Көптөгөн адамдар өлдү же жарадар болду.

Рахматтын айтымында, уруш пакистандык аскерлер Ооганстандын территориясына киргенден улам башталган. Ал эми Пакистан армиясынын өкүлү Вахид Аршад Ооган армиясын чекара бекеттерин эч себепсиз аткылады деп күнөөлөдү.

Ооган- Пакистан чек арасындагы уруш жүрүп жаткан аймак журналисттер үчүн жабык. Андыктан, Лондондогу "Jane's Defense Weekly" басылмасынын Түштүк Азиядагы кабарчысы Раул Беди жергиликтүү бийликтер жана аскерлер берген маалыматка ишеним жок экенин айтат:

- Бул аймакка журналисттер койо берилбегендиктен, тараптар электен өткөрүп берген маалыматтарга ишенип болбойт…

XS
SM
MD
LG