Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:59

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ МИТИНГ КҮЧӨТӨБҮ?..


Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында «Кыргызстандагы ички мигранттар жана жумушчу табы» кыймылы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы менен тынч митингге чыгышты. Алар мамлекеттик жетекчилер Бишкектин айланасындагы жер участокторун чоң бизнеске айлантып, кыймылсыз мүлктөрдү алып-сатууну күчөткөнүнө нааразылык билдиришти. Шаар мэриясынын өкүлү жер участоктору боюнча атайын комиссия түзүлүп, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын, ага ылайык мыйзам бузган жетекчилер болсо жоопко тартыларын билдирди.

«Эл бийликтеги коррупционерлерге каршы күрөш жарыялайт», «Бишкектеги жер, кыймылсыз мүлктөр жең ичинен сатылууда», «Карапайым эл батирде жүрүшсө, коррупционерлер гектарлап жер алып байып жатышат, адилеттүүлүк кайда?» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп жүзгө чукул адам «ак үйдүн» жанында тынч митинг өткөрүштү. Алар президент баш болгон бийлик өкүлдөрүнөн коррупция менен күрөштү күчөтүүнү, Бишкектин айланасындагы жер участоктрунун жең ичинен сатылуусуна бөгөт коюуну, адилеттүүлүктү талап кылып турушту.

«Кыргызстандагы ички мигранттар жана жумушчу табы» кыймылынын мүчөсү Дамира Токтосунованын айтымында, мамлекеттик каттоо, шаардык архитектурада коррупция күч алууда.

-Мэрияда, шаардык кеңеште, архитектурада, госрегстрде өз билгендериндей саясат жүргүзүшүүдө. Алар биригип алышып элдин эсебинен жан багып, коррупцияны күчөтүүдө.

Дамира Токтосунова экс-президенттин уулу Айдар Акаевге жана экс-премьер-министр Николай Танаевдин уулуна тиешелүү жер участоктрун азыркы бийликтегилер бөлүштүрүп, кайра аны кымбатка сатып жатканын, Акаев-Танаевдин курулуш компаниясы Данияр Үсөновго өткөнүн айтты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Данияр Шабданов жер участокторун бөлүштүрүүдөгү баш-аламандыктарды мэрияда атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатканын жана коррупция менен күрөштү күчөтүү шаар башчысы тарабынан тиешелүү оргндарга тапшырылганын билдирди.

-Бүгүнкү күндө жер сатылып жаткандыгы тууралуу фактылар боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, мэриянын алдында түзүлгөн антикоррупциялык комитеттин берген маалыматтары боюнча укук коргоо органдары, прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Эгерде күнөөлөрү болсо иликтеп сот органдарына өткөрүп берүү мэр тарабынан тапшырылган.

Митингдин катышуучусу Батма Кадырова болсо буга чейин жер участокторун алып-сатып шугулдангандар кармалганын, бирок тиешелүү органдар тарабынан эч кандай жыйынтык чыгарылбаганын билдирди.

-2005-2006-жылы жер участогун сатуу боюнча тиешелүү органдар тарабынан мыйзам бузуп кармалган кишилер бар. Ошол фактылар боюнча бир участокту он беш миң долларга саткан шылуундар кармалган. Алардын бирөөнү дагы кылмыш жообуна тартып, жаза өтөө жайына жибергенин уккан да көргөн да жокбуз. Бардыгы бири-бири менен чырмалышып коррупциялашкан системаны түзгөндөн кийин «карга, карганын көзүн чукубайт» экен. Мына бул «ак үйдө» отургандар чечкиндүү чара көрсө бир жыйынтык чыгаар эле. Акаевдин доорунан дагы азыр коррупция өтө күчөдү.

Кадырова белгилегендей коррупция жеке эле жер боюнча эле эмес, укук коргоо органдарында, аткаруу бийлигинде, билим берүү, медицина тармагында сот системасында мурдагыдан да күч алды.

Президент Курманбек Бакиев коррупция «ак үйдүн» жетинчи кабатында жок экендигин, коррупция пара бербесе эле жок болорун айтып келет.

-Койкоюп отуруп алып дагы сындайт «Коррупция качан жок болот?»-деп. Пара бербесең эле жок болот,- дейт Бакиев.

Көз карандысыз эксперт Рыскелди Момбеков президенттин айткандарына макул эмес.

-Президенттин өзүнө түздөн-түз баш ийген ишканалардын бардыгы өтө коррупциялашкан. Ошол эле Кыргызстан аба жолдору, кыргыз темир жолу, кыргыз телеком, энергетика тармагы өкмөттүн эмес президенттин көзөмөл жүргүзө турган ишканалар да. Ошолордун бардыгы президент менен байланышы бар да. Анан президент коррупция менен кантип күрөшөт. «Балык башынан сасыйт» деген кепти унутпасак. Чөнтөгү жука карапайым калктын арасында кайдагы коррупция,-деди Рыскелди Момбеков.

XS
SM
MD
LG