Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

ИСЛАМ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ ИСЛАМАБАДДА


Ислам конференциясы уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин үч күндүк жыйыны 15-майда Исламабадда башталды. Жыйынга уюмга мүчө 57 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде тышкы иштер министрлери, жалпысынан 600дөй делегат катышууда.

Ислам конференциясы уюмунун маалымат департаментинин өкүлү Абдулхамид Сали "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кыргыз кызматына бул жолку жыйындын күн тартиби тууралуу Исламабаддан буларды кабарлады:

- Бул конференцияда талкуулануучу башкы маселе – Ислам конференциясы уюмунун уставын кайра карап, анын атын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү. Мындан сырткары үч күнгө созулуучу жыйында исламофобия жана башка бир катар маселелерди талкуулоо белгиленген.

Ислам конференциясы уюмунун катчылыгы бул жолку жыйынды утурлай тараткан маалыматка караганда, исламофобия маселеси тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде алгачкы ирээт каралууда. Буга Батыш менен мусулман дүйнөсү ортосундагы чоң ажырымды каңкуулаган соңку жараяндар түрткү бергендей. Ислам конференциясы уюмуна 57 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да 1992-жылдан бери мүчө. Андан сырткары беш мамлекет байкоочу катары катышат. Уюм түзүлгөнүнөн 37 жыл өткөн соң, алдыда айтылгандай, эми анын уставын, балким атын өзгөртүү маселеси күн тартибине чыгууда. Мунун себебин уюмдун маалымат департаментинин өкүлү Абдулхамид Сали мындайча түшүндүрдү:

- Өткөн 37 жылдан бери өзгөртүү, алымча-кошумчалар болгон эмес. Андыктан анын көптөгөн жоболору бир топ эскирген, кайра кароону талап кылат. Башкача айтканда, устав уюм негизделген 1969-жылдан бери кайра каралган эмес. Андыктан өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Жыйындын алгачкы иш күнүндө оболу конок ээси- Пакистан президенти Первез Мушараф сөз алды. Өз сөзүндө Пакистан президенти абал тынч эмес эки өлкөдөгү жагдайга кайрылды.

- Бул жердеги чөйрө дүйнөдөн узак мөөнөттүү милдеттемени талап кылат. Себеби биз мурда эч качан демократия өкүм сүрбөгөн мамлекетте, демократияны киргизүүгө аракеттенип жатабыз,- дейт Первез Мушараф.

Ал эми Ирактагы жагдайга токтолуп, Пакистан президенти ал жакка мусулман өлкөлөрүнүн бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, эгер жаатташкан тараптардын баары кабыл алса, эгер бул Ирактагы тынчтыкка жана кризистин жөнгө салынышына алып барса, Улуттар уюмунун мандаты астында мусулман бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү маселеси карап көрсө болот.

Жыйын бейшембиде декларация кабыл алуу менен аяктайт. Ага чейин жогоруда айтылган маселелерден тышкаары жөөт-палестин, Жаму-Кашмир чатагы, өзөктүк программасы эл аралык коомчулукта талаш туудурган Ирандын МАГАТЭ уюму менен кызматташуусу, Филиппин, Таиланд сыяктуу өлкөлөрдөгү мусулман азчылыктарынын абалы, уюмга мүчө өлкөлөрдүн түрдүү чөйрөдөгү кызматташтык деңгээли талкууланат. Исламабадда бул эл аралык жыйын башталган күнү Пакистандын түндүк -батышындагы Пешевар шаарында жанкечти жасаган жардыруудан кеминде 24 киши каза таап, дагы 25тейи жаракат алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG