Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

МОСКВАДАГЫ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ҮЗҮРЛҮҮ БОЛГОН ЖОК


Россиянын президенти Владимир Путин 15 - майда АКШнын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен өз- өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки ортодогу маселелерди талкуулады.

АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс президент Владимир Путин менен анын Ново-Огареводо өткөн сүйлөшүүсүндө Америка Европада ракеталардан коргонуу системасын орнотууга чын эле муктаж экенине жана ал система Россия үчүн эч кандай коркунуч жаратпай турганына ишендире алган жок.

-Россия АКШнын Европада ракеталардан коргонуу системасын орнотуу пландарына вето сала албайт, биз бул системаны баары бир орнотобуз,- деп айтты cүйлөшүүдөн кийин Американын Москвадагы элчилигинде берген маалыматында Кондолиза Райс.

Апрель айында ушул эле маселени талкуулоо үчүн Москвага Американын коргоо министри Роберт Гейтс да келип кеткен. Бирок анда да натыйжа чыккан эмес. Гейтс Америка бул маселеде ачыгыраак болуп, Россияга өз пландарынын деталдарын ачыктоосу керек, деп айткан.

Орток пикир Косово маселесинде да жетишилген жок. Россия Сербиянын Косово чөлкөмүнө өзгөчө статус берүүгө каршы чыгып, АКШ сунуш кылган резолюция долбооруна Коопсуздук кеңешинде вето койо турганын билдирген. Ново-Огареводогу сүйлөшүүдө козголгон бул маселеге токтолуп, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тараптар бул маселеде эки тарапты тең ынандырган чечимге келүүгө аракеттенүүгө макулдашты, деп маалымдады.

Ошол эле күнү президент Владамир Путин Германиянын тышкы иштер миинстри Франк- Вальтер Штайнмаер менен сүйлөштү. Сүйлөшүүдөн кийин жасаган билдирүүсүндө Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан өлкөнүн министри уюм менен Россиянын ортосунда бир катар конфликттер кала берип жатканын, бирок Еврошаркет менен Россиянын алдыда боло турган саммити натыйжалуу боло турганына үмүт бар экенин айтты.

Путин эки ортодогу маселелерди жаңжалдуу дегенден алыс болду.
-Кудайга шүгүр, биздин ортобузда жаңжал жок. Биздин ортобузда жаңжалдар жок, бизде айрым проблемаларды чечүүдө пикир келишпестиктер бар. Бирок тараптар аларды чечүүгө ниеттенип жатышат,- деди Путин.

Кеп Россия менен Еврошаркеттин ортосундагы кызматташуу пактысы боюнча сүйлөшүлөрдү баштооо жөнүндө болуп жатат. Өткөн жолку саммитте Еврошаркеттин мүчөсү Польша сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы чыккан. Варшава Россиянын Польшанын эт экспортуна салган тыйуусун алып таштоосун талап кылып жатат. Москва Польшадан алынган эттин сапаты төмөн экенин билдирип, Польшадан эт сатып алууга тыюу салган. Бул жолку сүйлөшүүдө Россиянын айыл чарба министри эттин сапаты дагы эле начар экенин, ошон үчүн Россия өз чечимин өзгөртпөй турганын билдирди. Ошон үчүн байкоочулар Еврошаркет менен Россиянын 17-18 майда Самара шаарында өтө турган саммити оңой эмес боло турганын божомолдоп жатышат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG