Иран менен боло турган согушка АКШ Кыргызстанды сүйрөп кирип кетпейт деп ишенүүгө болобу? Мына ушундай суроо менен «Дело №…» гезити бүгүн бир катар жарандарга кайрылды.
Парламенттин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет төрагасы Рашид Тагаев, непадам ушундай согуш чыгып кетсе Америка Кошмо Штаттары Иранды «Манас» аэропортунда жайгашкан авибазадан бомбуларынан шек санабастыгын, андай апаат башталса Кыргызстан үчүн Ирандын бир эле ракетасы татырын, «Кыргызстанды сактап калуу үчүн патриоттук кыймылынын» жетекчилеринин бири Мукар Чолпонбаев, мындайга ишенбестигин, АКШ ага барбай тургандыгын, белгилүү саясат таануучу Нур Омаров, ислам өлкөлөрүн көптөгөн экономикалык түйүндөр байланыштырып турарын, мисалы Америка Иракка кол саларда Түркиянын аба мейкиндигин пайдаланууну сурап кайрылганда түрк өкмөтү баш тартып койгонун, бул ирет да ушундай болорун, Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, АКШ «Манастагы» авибазасын Ирандагы операцияларга колдонбостугун, колдонуу боюнча экономикалык-укуктук негиздер жок экендигин, көз карандысыз аскер байкоочусу Леонид Бондарец, баары бир АКШга ишенүүгө болбостугун, ырасмий маалыматтарда андай болбойт деп канчалык айтылганы менен «Манастагы» авиабазаны пайдаланарын, алтургай кыргыз тарап америкалык учактар кайда учуп-барып келип атканын көзөмөлдөгөнгө жарабай каларын, анын үстүнө дипломатиялык булактар аркылуу дагы бир маалымат пайда болгонун, маселен Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлколөрдүн Бишкекте өтө турган саммити алдында дал ушундай тополоң аркылуу АКШ Иранды Кыргызстанга карата күч колдонууга мажбурлашы мүмкүн деген оюн айтты. Ушул эле гезит биринчи бетине «Эмне үчүн генерал Суваналиевди куралсыз коргоочуларсыз калтырды?» деген макаласын басып, бүгүн 1-Май райсотунда генералдын иши караларын, Бишкек шаар прокуратурасы Суваналиевден Ички иштер министрлигинин пайдасына 3 миллион 768 миң 200 сом өндүрүлсүн деп талап коюп атканын, ал эми Бишкек шаар башчылыгы 19-апрель күнү аянтта талкаланган мраморлордун баасы менен аянтка чакырылган тез жардамдардын жолкиресин генерал төлөп бериши керек деп жатканын айтып келип, эгер ушундай болсо 2005-жылдын 24-мартында Бишкектеги болуп өткөн чыныгы каракчылык бийликтин мойнуна илинерин, мына ушул иштердин баарынын артында президенттин иниси турат деген ойлор келип атканын, анткени жасалыш стили баягы эле Героин-Матрешкага окшоп тургандыгын баяндады.
Тил илиминде Антоним деген түшүнүк барын, мисалы Ак-Кара, Жаман-Жакшы деген сөздөр антонимдерге кирерин окурмандардын эсине салган «Белый пароход» гезити бүгүн Бийлик менен Эл деген сөз да ушундай бири-бирине карама –каршы түшунүктү туюндурган антонимге айланып калганын жазды. Анткени, дейт гезит, жакшы маанисинде бийлик элдин кулу деп аталганы менен ал кадимки эле калктын канын соргон митеге айланганын, калк үчүн кызмат кылмак турсун анын күнүмдүк жашоо-тирлигин да жөн койбой келатканын, ичип-жейин дебеген таза адамдар тигил же бул кызматтарга эч качан баралбай турганын, шаар айланасындагы жаңы конуштун жолдору, шаар көчөлөрү тамтыгы кетип турса, Борбордун дал ортосундагы Ош базары тазалыксыздыктын дүйнөлүк үлгүсүнө айланганын, ал жер таштандылар менен келемиштерге толгонун, бир кездеги арча жыттуу АлаТоо азыр чаң, ыш, какырык менен түкүрүк, түтүн жыттанган ыплас шаарга айланып калганын, тилекке каршы абалды оңдойун деген шаар бийлигинин аракети көрүнбөй жатканын кейиш менен кеп кылган.
«Энесай» гезити «Баскынчылыкпы же басмачылыкпы?» деген аталышта Кара-Кече көмүр кенинин айланасында токтобой келаткан көйгөйлөргө арнаган макаласын сандан санга жарыялоодо. Макаланын бүгүнкү бөлүгүндө сөз Кара Кечедеги «Беш Сары», «Шарбон», «Ак жол» көмүр фирмаларынын ээлери, атап айтканда Камчыбек Жолдошбаев жөнүндө сөз болуп, Кара Кече-Бишкек жолу талкаланып бүткөнүн, элдин жашоо-турмушун оңдоого эч кандай жардам берилбегендигин, бийлик түзгөн П.Рахманов, Д.Сарыгулов, Ж.Азылов, Д.Үсөнов башында турган мамлекеттик комиссия калк койгон талаптарды чечүүдө жөндөмсүз болгонун, маселен «Беш Сары» фирмасынын ээси К.Жолдошбаев Кара Кечеде нааразылыкка чыккан элге курал колдонуп, зордук менен кууп чыгуу максатында бир канча жеңил автомашина жана мылтык, темир союлдар менен куралданган 80 спортсмен желдеттерди алып барган фактылары катталганын, бирок аны бир дагы күч органдары териштире электигин алдыга жайган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ