Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

БИШКЕКТЕГИ АМЕРИКА АВИА БАЗАСЫ - КЕТСИН, КЕТПЕСИН


Бакыт Орунбеков, Бишкек Бишкектеги «Манас» аэропортунда жайланышкан коалициялык, негизинен америкалык күчтөрдүн аскер-авиа базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси жакынкы күндөрдө кайрадан кабыргадан коюлчудай. Анткени кыргыз парламентинин айрым депутаттары сессиянын күн тартибине киргизип, чет элдик бул авиа базаны чыгаруу маселесин коюну көздөшсө, кээ бир саясат таануучулар августа Бишкекте болуучу Шанхай кызматташтык уюмунун жогорку денгээлдеги жолугушуусунда базанан эртеңки тагдыры жөнүндө катуу сөз болот деп болжолдошууда. Бутага алына баштаган бул маселенин тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев жана саясат таануучу Токтогул Какчекеев өз позицияларын билдиришкен.Маекти Бакыт Орунбеков алып барат.

Б.О. - Токтогул мырза, биздин “Манас” аэропортунда турган Ганси атындагы деп жүрөбүз, же болбосо "Манастагы" коалициялык күчтөрдүн базасынын чыгып кетиши жөнүндө маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Кыргыз парламенти дагы муну көтөрөбүз деп камданууда. Алдыда күтүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун чоң жолугушусунда да бул маселе көтөрүлөт деген божомолдор бар. Эгерде көтөрүлсө бул маселе канчалык деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келет деп ойлойсуз?

Т.К. - Кыргызстан эгемендүүлүк мамлекет болгондон кийин, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү болгондон кийин эч качан бөлөк өлкөлөргө өзүнүн аймагына жайгаштыруучу базаларды уюштурбаш керек дагы, ага макулдук бербеш керек болчу. Тилекке каршы саясатка терең берилбеген, саясатты терең билбеген адамдар маалында демократиянын чордону болобуз, биз демократияга барабыз, демократия деген бардык мамлекеттер менен учу-кыры жок жоопкерчиликсиз келишимдерге кол коё берилген. Ошонун бири Гансини жайгаштыруучу документ болгон. Гансини жайгаштыруучу документти "Кыйратылгыс эгемендик" деген программанын негизинде бир топ мамлекеттер биригип туруп, булардын бары тең биринчи биригишүүсүндө “Буря в пустыни” деп Иракты талкалашкан. Андан кийин Азиядагы Ооганстанга глобалдык терроризмге каршы турабыз деп ошол эле өлкөлөр менен биримдикте ушул ишке келип, анан Кыргызстанда, андан кийин Өзбекстанда өздөрүнүн аба күчтөрүн орноткон. Бул негиз эмнеде болгон? Анткени биз бүгүнкү күндө депутаттар, эл айтып атышат, өзүбүз дагы ыңгайсыз болуп калып атабыз, аткени ОДКБ, ШОС, СНГга, Еврозеске кирип аткандан кийин Кыргызстандын өзгөчө жалгыз Америка менен карым-катнашынан тышкары Американын куралдуу күчтөрүн Кыргызстанга орнотуш ошол эле биздин шериктеш мамлекеттин арасында, ошол эле ОДКБ уюмунун арасында, ошол эле ШОС мамлекеттеринин арасында кандайдыр өөн көрүнүп, ушул Американын базасы алардын кызыкчылыгына глобалдык, регионалдык негизде коркунуч туудуруп атканын ачыктан-ачык айтып отурушат.

Б.О. - Осмон мырза, мына жакынкы күндөрдөн бери Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан бул "Манаста" турган Американын, жалпы эле НАТОнун күчтөрүнүн авиабазасынын маселесин кайрадан кароо керек зарылдыгын айтып чыгышты. Сиздин оюңузча, эмне үчүн бул маселе караганга, же кайрылганга кандай зарылчылык жана аргументтер бар?

О. А. - Негизинен бул маселени биз өтө кенен карашыбыз керек. Парламентте бул маселе ачык көтөрүлө элек болчу. Мен угуп калдым, коопсуздук, коргоо комитети ушул маселени көтөрүп чыгып карайбыз деп атыптыр. Бизге парламентке азырынча күн тартибине кире элек. Кирсе сөзсүз түрдө бул маселени талкуулайбыз. Алардын укугу бар көтөрүп чыкканга. Бирок ар бир депутат өзүнүн оюн айтат Кыргызстандын кызыкчылыгынын негизинде. Ошол жерден биз дагы сүйлөйбүз, пикирибизлди айтабыз.

Б.О. - Осмон мырза эгерде ошол маселе парламентте чечилип, Кыргызстандан Американын аскер базасын чыгарып кетүү чечимине келип калса, Кыргызстандын эртеңки тышкы саясатына зыяны, кесепети тийет деп ойлобойсузбу?

О.А. – Кыргызстан сөзсүз түрдө өзүнүн коңшу өлкөлөрү Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен мамилеси жылуу болуш керек. Сөзсүз түрдө биздин Россия менен мамилеси жылуу болуш керек. Экономикасы күчтүү Америка менен да сөзсүз жакшы болушубуз керек. Ошондуктан биз сөзсүз түрдө көп багыттуу саясат жүргүзүшүбүз керек.

Б.О. – Кантип жакшы болобуз, эгерде алардын аскер базасын биздин өдкөдөн чыгарып жиберип атсак?

О.А. – Менин оюмча бул аскер базанын азыр чыгаруунун эч кажети жок. Аскер базасы жалаң эле эл аралык деңгээлде эмес, Кыргызстандын саясий туруктуулугуна түз таасирин тийгизет деп эсептейм. Себеби бул базанын турушунун негизинде бизге коңшу өлкөлөр келип биз менен сүйлөшүп атат. Ушунун негизинде биз чече албай аткан суу маселесин чечип алсак болот. Ушул сыяктуу көп эл аралык деңгээлдеги келишимдерди ушул картанын, ушул күчтүн, ушул салмактын негизинде биз чечип алсак болот. Дүйнөдө негизинен саясий тарых ушундай да, дайыма дипломатиянын, бирөөгө биригип таянуунун негизинде өлкөлөр өзүнүн эгемендүүлүгүн сактап келген, экономикасын көтөрүүнүн жолун таап келген жана саясаты стабилдүүлүктү өзүнүн өлкөсүнө орнотуп келген.

Б.О. – Токтогул мырза, америкалык күчтөрдү киргизип атканда айтылды эле, биздин түштүк тарабыбыздан күтүлүп жаткан эл аралык терроризме каршы сокку ура турган, алардын мизин кайтара турган күч болуп бере алат деген аргументтерди кылды эле. Мына ушундай миссиясын бул күчтөр, база жасай алдыбы?

Т.К. – База чынын айтканда өзүнүн күчүн жакшы эле сынады. Сынаганда америкалык күчтөр жана уюшулган программага кирген күчтөр Авганистанда колунан келген чарасын көрүштү. Абадан бомбаларды, айылдарды, кыштактарды, же шектүү жерлерди, андан тышкары жерде жүргөн сухопутный аскерлер болсо ошол үңкүрлөрдү, кандайдыр бир сепилдерди, бекилүүчү жерлердин барына тең колунан келген күчтү, заттарды пайдаланды. Бир маалда Американын президенти тактический ядерный куралды Афганистанга колдонолу дегенге чейин барышкан. Ошондуктан бүгүнкү күндө эбегейсиз чоң мамлекеттер партизандарга, моджахеддерге каршы, мындайча айтканда калыбына, теңме-тең келбегендей күчтү пайдаланышты. Эл аралык нормалар боюнча буга тыюу салынган.

Б.О. – Осмон мырза, биз экономикасы начар өлкө болуп жаткандыктан, "Манаста" жайгашкандагы арендасы дагы бизди кызыктырып жатат дейли. Бирок саясий жагынан алып келгенде биз Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Кытай менен Россиянын бул авиабазаны чыгаруу боюнча Кыргызстанга жасап жаткан кысымы бар деп ойлойсузбу?

О.А. - Ушундай багытта жүрүп аткан саясат болушу мүмкүн. Бул чынында эле Кытай, Россия жана башка күчтөр үчүн бул түшүнүктүү нерсе. Алар дүйнөдөгү болгон өзүнүн кызыкчылыгын колдоп, анан базанын тегерегинде сөз жүргүзүп, чык дебесе дагы, ошонун негизинде өзүнүн башка маселелерин база аркылуу чечип алганга жол таап издеши мүмкүн. Биздин Кыргызстан үчүн биз өзүбүздүн ушул базанын тегерегинде, ушунун негизинде өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды, ошол эле Шанхай биримдигине кирген өлкөлөр менен, ошол эле Россия, Кытай, жакынкы коңшу өлкөлөр менен, Америка менен экономикалык саясий маселелерди сөзсүз түрдө чечип алышыбыз керек.

Б.О. – Биздин экономика дүйнөлүк эл аралык каржы уюмдар менен иштешкенге тыгыз байланыштуу эмеспи. Эгерде Американын таасирин алып келсек, анда бул уюмдар аркылуу биздин экономикабызга дагы бир топ зыян кесепеттерди тийгизиши мүмкүн деген бар. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

О.А. – Сөзсүз түрдө ушундай болушу мүмкүн. Биздин экономикага азыр көбүнчө эл аралык уюмдар, ошонун ичинде Бүткүл дүйнөлүк банк, Европалык банк, Азиялык банктар өтө чоң программалардын негизинде социалдык-экономикалык маселелер чечилип келе жатат. Биз ошого таянып атабыз. Ошол инвестициянын негизинде ошону туура колдонуп биз Кыргызстандын азыр кыйналып турган экономикалык кризистен чыга турган мүкүнчүлүк алышыбыз керек. Анан сөзсүз түрдө Американын колдоосу, анан батыштын колдоосунун негизинде ушул программалар ишке ашып атат. Мындан биз баш тартышыбыз өтө жөнөкөй сөз менен айтканда катачылык болот.

Б.О. – Токтогул мырза, бул базаны жайгаштырар алдында айтты эле, Кыргызстан эки утуш нерсе алат. Биринчиден, саясий дивиденд алат, бул демократиянын шартында эл аралык терроризмге каршы күрөшүү шартында. Экинчиден, экономикалык пайда алат деп. Арендадан биздин бюджетке чоң акча түшөт деп. Бул эки нерседен Кыргызстан бир нерсе ала алдыбы, ийгиликке жете алдыбы?

Т.К. – Чын-чынына келгенде Ганси аэропортунун авиабазасынын ырысын көргөн мурунку Аскар Акаевичтин үй-бүлөсү болгон. Мына бүгүнкү күнгө чейин башкы прокуратура, коопсуздук комитети ушул иштин бетин ачып, элге маалымат бербеди беле.

Б.О. – Болуптур мындан эки жыл мурда Акаевдин үй-бүлөсү бул базанын пайдасын, каймагын калпып алып турган экен. Эки жылдан бери ким көрүп атат анын каймагын?

Т.К. – Анын каймагына биздин каржы министр Жапаров жооп бериш керек эле, анан депутаттар көзөмөлдөш керек эле.

Б.О. – Мына өзүңүз билесиз, Ганси авиабазасында алардын бир аскери биздин бир атуулду атып коюп, алар жоопкерчиликти аягына чейин тартпай Америкага кетти. Кечээ жакында эле дагы бир автокырсык болду. Ал жерде дагы бир адам өлдү. Ага дагы америкалык аскерлеринин бирөөсү катышы бар деп шектелүүдө. Дагы эле баягы жоопкерчиликке тартылбай жатканы өңдүү. Ушул учурда америкалык тарап менен Кыргызстан кандай мамиле кылыш керек эле?

Т.К. – Ушаланган саясатчылар ушаланган саясатты өткөргөндүктөн кыргыз атуулдары өлүп атышат, кыргыз атуулдары басмырланып атышат, кыргыз мамлекетине кооптонуучу учур келип атат. Биздин мамлекеттен жериген сезим көбөйүп атат. Анткени биздин саясатчылар, биздин депутаттар, эми жалпы барын айта албайбыз, ошонун арасында бар, мына бүгүн билебиз ошол эле Кытай мамлекетине Үзөңгүкуушту берип койдук, биз өзүбүздүн мамлекеттин Конституцияда жазылган кол тийбестик аймакты бербес деген түшүнүктү бүгүн өз кызыкчылыбызга тартып, ошону жасап аткан күндөр болуп атат. Биз ошол эле "Манас" аэропортун ИКАО деп коет, дүйнөлүк граждандык авиациянын уставы боюнча аскердик компоненттер, аба күчтөрүн граждандык аэропортко жайгаштырууга болбойт. Биздин депутаттар ошол эле ИКОАнун уставын кабыл алып, ошол эле маалда ошол депутаттар дипломатиялык кол тийбестикти американын ар бир аскерине, ошол жерде иштеген адамдарына ыйгарып берип, бүгүнкү күндө алар өз билгенин кылып, керек болсо бутадай кылып Ивановду атканы, керек болсо адамды келип сүзүп кеткени болуп атат. Анткени биз бүгүнкү күндө алардын ою боюнча экинчи сорттогу адамбыз, акча үчүн жерин, эгемендигин, өз кызыкчылыгы үчүн ар түрдүү шартты түзүп бергенге мажбур болгон эл, мажбур болуучу жетекчилер демократияга жамынышып өз иштерин кылып аткан сезимди булар бизге сиңирген дагы, ошол саясат бүгүнкү күчүнө келип турган убакыт.

О.А. – Мен дагы бир нерсени айтып коёюн, Американын базасынын дагы бир Кыргызстанга болгон пайдасы. Сиздер билесиздер да Баткен окуясын, "сакалчандар" келип басып кирип, аларды кууп чыгабыз деп Өзбекстандын самолеттору биздин суверендүү аймакка чейин учуп кирип келип, биздин үйлөрдү бомбалап, бир нече адамдар өлүп, өзүбүздүн жерибизди өзүбүз тебелеп-тепсеген окуялар да болгон. Эгерде ушундай эл аралык күчтөр турганда Өзбекстан, же болбосо кырын көрсөткөн коңшу өлкөлөр ушундай чечимге барардан мурун менин оюмча ойлонот. Биздин бул таяна турган нерсе. Муну биз эч коё бербешибиз керек. Кээ бир күчтөрдүн кызыкчылыгын колдоп, ушул маселени көтөрүп, биз көп нерсени саясий, экономикалык жактан уттуруп коюшубуз мүмкүн.

Т.К. – "Многовекторный" деп, мындайча айтканда кайыр сураган адамдай болуп, инвестор инвестиция берсе эле ошол жакшы экен деп, ылгабай катуу иштер өлүм-житимге дуушар болгондо биз какап атабыз. Ошондуктан какаган саясат бүгүн бизди дүйнөлүк саясатта, эл аралык карым катнашта кандайдыр бир бизге ишенимдин кемип баратканын көрсөтүп атат.
XS
SM
MD
LG