Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

ФРАНЦИЯ: НИКОЛЯ САРКОЗИ ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТКА КИРИШТИ


Францияда жаңы президент Николя Саркозинин инаугурациясы болду. 6-майда ал шайлоонун экинчи айлампасында социалист Сеголен Руалды жеңген эле. Кечээ болсо мурдагы мамлекет башчы Жак Ширак улутка кайрылуу жасады. Бүгүн кечинде Саркози Берлинге аттанмакчы. Канцлер Ангела Меркель менен сүйлөшүүлөрдө Еврошаркеттин келечеги сөз болот.

Францияда жаңы доордун барагы ачылды. Түшкө жуук Жак Ширак 12 жылдан бери ээлеп келаткан Елисей сарайында бийликти бир кездердеги шакирти Николя саркозиге өткөрүп берди.

Ширак менен Саркози жарым саатча жекеме жеке сүйлөшүп, экс-президент мураскерине мамлекеттик сырларын айтып, Франциянын ядролук арсеналына байланышкан жашыруун белгилерди тапшырды.
Мамлекет башчы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Саркози француздарды саясий көз караштагы айырмачылыктарга карабай, президенттин айланасында биригүүгө үндөп, элдин ишенимин актоого убада берди:

-Эл мага ыйгарым укуктарды берди. Мен өз милдетимди аткарам. Француз элинин ишенимин актоо үчүн бар аракетимди жумшайм. Франциянын эгемендүүлүгүн, өзгөчөлүгүн коргойм. Мамлекеттин бийлигин жана укугун, өзгөчө анын бейтараптуулугун урматтайм.

Президент эмгектин, мээнеттин баркын жогорулатуу зарылдыгын, социалдык прогресстин пайдубалын түзгөн баалуулуктарды урматтоо керектигин белгиледи.

Елисей сарайындагы салтанаттан кийин Франциянын 23- президенти Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл чамбар коюп, Түбөлүк отту жандырды. Гүл чамбарлар белгилүү саясий ишмерлер Жорж Клемансо жана генерал Шарль Де Голлдун эстеликтерине да коюлду.
Президент ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер тарабынан атып өлтүрүлгөн Каршылык көрсөтүү кыймылынын 35 жаш мүчөсү коюлган көрүстөнгө барып, алардын урматына сөз сүйлөмөкчү.

Салтанаттардан кийин Саркози дароо ишке киришип, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн Берлинге аттанмакчы. Германия учурда Еврошаркетке төрагалык кылууда.

Эртең жаңы өкмөт башчынын ысымы, жума күнү болсо министрлер кабинетинин курамы аталууга тийиш. Премьер-министрликке Франсуа Фийон дайындалышы мүмкүн деген жоромолдор үстөмдүк кылууда. Ал эми тышкы мекемени жетектөөгө шайлоодо жеңилип калган социалисттер партиясынын мүчөсү, Чегарасыз дарыгерлер уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бернар Кушнер келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG