Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ө.СУБАНАЛИЕВГЕ ОЛЧОЙГОН АЙЫП КОЮУЛУУДА


Биринчи май райондук соту “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиевдин жана аталган фронттун өкүлү Виталий Искаковдун үстүнөн козгологон жарандык иш боюнча сот жараянын баштады. Аларга апрель айындагы митингде Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине келтирген чыгымдар боюнча айып тагылууда. Бириккен фронттун мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин көз карашында оппозициянын өкүлдөрүн бийлик сот менен коркутуусу жакшылыкка алып келбейт. Ал эми сотко барышкан Ички иштер министрлигинин жана шаардык прокуратуранын өкүлдөрү бул иш боюнча өз пикирлерин айтуудан баш тартышты.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаеванын айтымында, Субаналиев менен Искаковго апрель айындагы митингде Ички иштер министрлигинин ишине тоскоолдук жараткандыгы боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын доо катынын негизинде соттук териштирүү башталды. Бишкек шаардык прокуратурасынын доо каты менен айыпталуучулар милициянын ардагери Виталий Искаков менен экс-министр Өмүрбек Субаналиевдин адвокаты Татьяна Чилникина таанышты. Доо катта апрель айындагы митингде Ички иштер министрлигинин айлык маянасына, алардын күнүмдүк тамактануусуна жана транспортуна кеткен чыгым төрт млн. сомго бааланып, бул каражаттарды төлөп берүү Өмүрбек Субаналиев менен Искаковдун мойнуна жүктөлгөн.

Виталий Искаков Бишкек шаардык прокурордун коюп жаткан айыптары түшүнүксүз дейт.

- Кандайдыр бир кызыктуу кырдаал болуп атат да. Бишкек шаарынын прокурору Турганбаев негедир жалпы айып коюп жатат. Мына бул жөнүндө документтер бар. Тез жардамдын станциясы жана «Биг» акционердик коомунун атынан жана Ички иштер министрлигинин атынан шаардык прокурордун бизге доомат койгонун түшүнбөй жатам. Жарандык кодекстин 45-беренеси боюнча айып коюптур.

Виталий Искаков соттук териштирүү 29-майда уланарын айтты. Өмүрбек Субаналиев менен Виталий Искаковго эмненин негизинде, кандай айып тагылып жатканы тууралуу Ички иштер министрлигинин жана шаардык прокуратуранын өкүлдөрү өз пикирлерин айтуудан баш тартышты.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, 11-апрелден баштап тынч митинг өткөрүү тууралуу шаар бийлигине жолдонгон билдирүүгө Субаналиев менен Искаков кол койгон экен.

- Себеби алар катка кол коюшкан болчу. Ошондуктан буларга кайрылып жатышат. Бирок, мунун баары негизсиз, деди Эмил Алиев.

Ал эми Бириккен фронттун активдүү мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин пикиринде:

- Бул жарандык иш азырынча. Бирок, кийинки козгоп жаткан иш менен байланыштыргылары келип жатат. Ал түшүнүктүү нерсе. Бирок, эң кызык жери бул сот практикасында, дегеле саясий практикада бир прецедент түзүп жатышат. Мунун аягы жакшылык менен көп кишилер үчүн бүтпөйт. Ушунун арты менен эки жыл мурдагы 24-марттагы окуяларды,өзгөчө талап-тоноочулукту козгоп чыгууга толук негиз берет.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» Бириккен фронттун мүчөлөрүнүн айтымында, фронтту колдоочуларга карата бийлик куугунтугун токтотпой жатканын айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициялык маанайдагы саясатчы Кубатбек Байболовдун жубайы Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболованын иш кеңсесин 2-майда белгисиз адамдар уруксаты жок тинтип, өз билемдигин жүргүзгөндүгү тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында сөз болду.

XS
SM
MD
LG