Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

КЫТАЙ ЭМИ БЕДЕЛ АШУУСУН «АЛДЫБЫ?»


«Де-факто» гезитине кеп урган Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев, мурдагы жылы агездеги өкмөт башчысы Ф.Кулов казак премьер-министри менен Чымкенттеги жолугушуусунда Ысык Көлдөгү 4 пансионатты көз көрүнөө белекке берип келсе, былтыр Н.Назарбаевдин туулган күнүнө чакырылган президент К.Бакиев ошол эле 4 пансионаттын казак туугандарга берилгенин ого бетер бышыктап кайтканын, көл жери талоонго түшүп сатылып жатканы аз келгенсип, эми Бедел ашуусу аркылуу Кытайларга жол салууга кыргыз бийлиги жең ичинен макулдук бергенин, бул жашыруун маалыматты Акүйдүн 7-кабатында олтурган мыктылардын айрымдары да билбестигин, ушу кезде баары бышыкталып, макулдашууга эки тарап Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн Бишкек саммитинде кол койгону жатканын ачыкка чыгарды. Гезит ошондой эле борбор шаардын № 64 мектеп-гимназиясынын имаратына мындан алты жыл мурда арендага деп кирип алган «Эдельвейс» аттуу фирма мылтык жана ок-дары сатчу жайга айланганын, ал аз келгенсип күн сайын мылтык аткандар машыгып, үстүндө окуучулар сабак окуп, кокустан кырсык болуп кетсе балдар жарылып кетчү «пороховой бочканын» үстүндө олтурушканын, мектеп жетекчилиги менен ата-энелердин «чыгып кеткиле» деген талабын аталган фирма каакы ордуна көрбөй келатканын баяндады.

«Апта» гезити журналист Мелис Арыпбек уулунун Акаев менен адегенде электрондук почто аркылуу байланышып, анан Маскөөдөн жолугуп баарлашкан аңгемесинин соңку бөлүгүн басты.

Тарых ар дайым спирал түрүндө өнүгүп, адамзат ар дайым мурда басып өткондөрун кайрадан кайталап турарын, анын бир мисалы катары куугунтук жеген саясатчынын ролундагы Бермет Акаеваны келтирсе болорун, качандар бир кезде өлкөнү анын атакеси башкарып турганда да өз оппоненттерине каршы ушундай куугун жасаганын эске салган «Лица» гезити минтип суроо коет. Бул эмне? Тагдырдын тамашасыбы? Адилеттиктин салтанат салышыбы? Жеке адамдын трагедиясыбы же адам баласынын тарых сабагынан үлгү албагандыгыбы? Бүгүн кимдир бирөөгө жамандык жасаса эртең эле ал айланып келип өзүнө же өз балдарынын башына бумеранг болуп тиерин ойлогон жан бар бекен? Гезит анан мурдагы президент А.Акаевдин кызы Бермет Акаева менен кенен-чонон кеп салат. Мындан тышкары полковник Алик Орозовдун «ААА жана КГБ, легендарлуу парламентттин төрагасы Медетбек Шеримкуловдун «Акаевдин алгачкы кадамдары» аттуу макалалары жарык көрдү.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG