Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

ЧИНОВНИКТЕР КӨБӨЙСӨ БЮРОКРАТИЯ КЫСКАРАБЫ?


15-майда президент Жорж Буш генерал-лейтенант Даглес Лютту Ак Үйдүн Ирактагы жана Ооганстандагы жаңжалдар үчүн жооптуу координатору кылып дайындады. Серепчилер жаңы кызматты киргизүү менен Буш Ирак жана Ооганстан маселелериндеги бюрократияны кыскартууну көздөп жатат дешет.

Эми Ирак жана Ооган жаңжалдарына байланыштуу маселелердин баарына генерал-лейтенант Даглес Лют жооп берип, түздөн- түз президентке отчет берет. Серепчилер муну менен Буш бюрократияны азайтып, чечим чыгарууну жана аны аткарууну бир кишинин колуна бергендигин айтып жатышат.

-Прессада Согуш Падышасы деген атка конгон чиновниктин маселенин баарын текши чече койоор-койбосун биле албайм. Бирок түздөн-түз президентке отчет берген кызматкердин дайындалуусу менен бюрократия кысмак көрсөтүлүп, ал өзүнө койулуп жаткан талаптарды аткарууга милдеттүү экенин сезмекчи. Менимче, бул кызматтын киргизилүүсү жакшы идея ,-деп айтты Брууклин институнун ага кызматкери Майкл О Ханлон.

Даглес Лютту жаңы кызматка дайындап жатып, сүйлөгөн сөзүндө Буш: "Генарал Даглес мыкты аскердик жетекчи, ал согушту жана өкмөттүк кызматты жакшы түшүнөт, алдыга койгон милдеттерди да аткарганды билет",- деп мүнөздөдү.

Бирок бул кызматка киши табуу оңой болгон жок. Лютка чейин бул кызмат беш генералга сунуш кылынып, бешөө тең андан баш тартышты. АКШы армиясынын отставкадагы генерал-полковниги Кеннет Аллард "Ак Үй Ирак менен Ооганстан согуштарынын айланасындагы чыныгы жагдайды жымсалдоо аракети менен жаңы кызматты ойлоп таап отурат",-деп айтты.

-Менимче адамдардын бул кызматтан баш тартканынын себеби бар. Алардын көбү жаңы кызматты акыбалды косметикалык жактан гана жакшыртуу айласы деп эсептейт. Бул биздин айлабыз кетип, аргабыз түгөнгөндө жасаганыбыз, -деп кесе айтты Аллард.

Даглес Лют Ирактагы аскерлердин санын көбөйтүүгө каршы болгондордун бири. Аны жакшы билген адамдардын айтымында, Лют аскерлерди көбөйтүү менен Америка ирактыктардын "оккупацияда калуу" сезимдерин күчөтөт деген көз карашта. Ошону менен катар эле аскерлердин көп болгону Ирак өкмөтүнүн "көз карандылык" сезимдерин күчөтүп, алардын өз алдынча аракеттенүү далалатын басаңдатат. "Вашингтон Пост" гезитинин Люттун пикирине шилтеме берип маалымдашынча Ирактагы жагдай Катрина капсалаңында түзүлгөн жагдайга окшош. Капсалаң учурунда кетирилген каталар көрүлгөн чаралардын чар жайыт жана натыйжасыз болуусуна алып келген. Генерал Люттун пикиринде, сандаган жарандык агенттиктердин иретсиз жана ыраатсыз иштөөсү Ирактагы абалдын турукташуусуна кедерги болуп жатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG