Сербиянын конституциясы боюнча, жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып өткөн үч айдын ичинде жаңы өкмөт түзүлүүгө тийиш. Ал мөөнөт 15-майда түнкү саат он экиде аяктады жана ага жарым саат калганда парламент жаңы өкмөттү бекитти, антпегенде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш болчу.
Өкмөттү мурдагы премьер-министр Воислав Коштуница жетектемей болду, анын демократиялык партиясы президент Борис Тадичтин демократиялык партиясы менен коалиция түзүү жөнүндө макулдашты. Бул эки негизги партия менен кошо жаңы бирикмеге "Г-17 плюс" жана "Жаңы Сербия" деп аталган эки партия кошулду.
Өкмөткө премьер-министр жана бир вице-премьерден тышкары 23 министр кирет, алардын он экөө - президенттин Демократиялык партиясынын өкүлдөрүнө, алтоо - премьер жетектеген Сербиянын демократиялык партиясына берилди. Дагы төрт министрлик орун "Г-17 плюс" партиясына жана бир орун ""Жаңы Сербияга" тийди.
Ошол эле 15-майдын түнүндө өкмөт мүчөлөрү дагы бекитилди, жалгыз вице-премьер болуп - президенттик партиянын өкүлү Божидар Желич аталды, тышкы иштер министри болуп - президенттин кеңешчиси Вук Еремич, коргоо министри болуп президенттик партиянын төрагасынын орун басары Драган Шутановац дайындалды. Премьер Коштуницанын адамы Драган Йочич болсо ички иштер министрлигин жетектемей болду.
Премьердин айтымында, анын жаңы өкмөтү өлкөнү Европа биримдигине кошуу багытында бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт, бирок Косово аймагынын эгемендүү мамлекетке айланышына каршы: "Косовонун эгемендүүлүгүн биз эч качан кабыл албайбыз жана аны тааныган башка мамлекеттердин андай аракеттерин - бизге каршы көрүлгөн чара деп түшүнөбүз. Анткен өлкөнүн баары биздин ички иштерибизге агрессивдүү кийлигишкен болот", - деди Коштуница.
Өкмөттү бекитүү маселеси парламентте каралып жатканда Сербия полициясы - аскерий кылмышкер деп таанылган генерал Ратко Младичти кармоо аракетин көрдү, бирок аны тапкан жок. Андай операцияга каршы чыгып, парламенттин айрым депутаттары добуш берүүдөн баш тартандыктан, өкмөттү бекитүү чечими түнгө жакын гана кабыл алынды.
Мурдагы Югославия боюнча түзүлгөн эл аралык трибунал менен кызматташуу комиссиясынын төрагасы Расим Лжайичтин айтымында, Младич кайда экени тууралуу кабар түшкөн, бирок ал карматпай кетти: "Ошол аймакта Младич жашынууда деген маалымат алганбыз жана ошол жердин айланасындагы бир нече аскерий имарат текшерилди. Кылмышкерлерди издөө боюнча андай аракеттер мурда деле көрүлгөн", - дейт Лжайич.
Аскерий кылмышкерлер деп таанылган Ратко Младич жана Радован Караджичти кармоо - Сербиянын Европа биримдигине мүчө болуп киришинин шарттарынын бири.